КӨК-ЖАҢГАКТЫКТАР МАДАНИЯТТАН АРТТА КАЛУУДАБЫ?

Илгери шахтанын мекени аталган Көк-Жаңгакка сапар тартып, шаар мемиреген уйкуда жаткандай сезилди. Анткени бул жакта элдин маанайын көтөрүп, маданиятын өстүрчү көзгө басар Маданият үйү авариялык абалда, ал эми кечелер сейил бак же ар кайсы бактын түбүндө өткөрүлөт экен.

МАДАНИЯТ ҮЙҮ МЫШЫК ЫЙЛАЧУДАЙ АБАЛДА
Көк-Жаңгактын борбордук көчөсүндө эки кабаттуу заңгыраган, бирок жараксыз абалга келген Маданият үйү турат. Анын ичинде 500 орундук концерт өткөрүлүүчү зал, музей, бий залынын орду чаң басып жатат. Имаратты 1949-жылы немистер мрамордон кооздоп салышкан. Мындай имарат бир гана Таш-Көмүр, анан Көк-Жаңгакта бар. Кейиштүүсү, андан бери 63 жыл өтсө деле бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөй, абалы мышык ыйлачудай. Мурун бул имарат шахта башкармалыгынын карамагында болуп, 2011-жылы гана маданият бөлүмүнө өткөрүлгөн. Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн директору Маданбек Ташполотовдун айтымында, бул жерди оңдоп-түзөөгө жергиликтүү бийликтин чамасы жетпейт. "Азыр Маданият үйүн калыбына келтирүү максатында 18 миллионду чапчыган жаңы долбоор иштеп чыгуудабыз. Эгер мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп, акча жумшалса, анда чоң бир тешигибиз бүтөлүп калмак. Шартка ылайык, учурда маданий иш-чараларды мектеп залдарында, жайында сейил бактарда өткөрөбүз. Ал эми борбордон эч кандай концерт, кино деген келбей калды. Бул, албетте, биз үчүн жагымсыз",- дейт директор.

КИТЕПТЕР ЭЗИЛИП, ЖАРАКТАН ЧЫККАН
Андан алыс баспай жаңы оңдоп-түзөөдөн чыккан китепканага бардык. Маданият бөлүмү светке акча төлөбөгөндүктөн, жарыгын кыркып кетишиптир.
Табият кырсыгы быйыл Көк-Жаңгакта тез-тез болуп, экономикалык жактан да көп зыян алып келди. Ар кайсы ишти кайра-кайра жаңылап ишке ашыруу да убарачылык жана көп каражатты талап кылат эмеспи. Анын сыңары, Көк-Жаңгак шаардык китепканасында бир эмес, эки жолу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн. Китепкана 1934-жылдары курулгандыктан, эскилиги жетип, жаңы эле тешик-бүтүктөрүн тегиздеп, шыбап, актап бүтүп калганда сел баарын жууп кеткенин айтат кызматкерлер. Чатырын чуркап жүрүп жаптырышса да, мурун суу өтүп, шыптан аккан суу, залдагы китептерге тийип, көпчүлүгү эзилип, жарактан чыккан. Анан да баягы эле бюджеттин аздыгынан жөн гана гезит-журналдарга жазыла алышпаганын айтышат. Жалпысынан 68 892 китеп болсо, анын миңден ашууну гана кыргыз тилинде. Ал эми көркөм китеп саналуу гана.

БИР ДА КҮРДДҮ КАЛТЫРБАЙ КУУП ЧЫГЫШКАН
Көк-Жаңгакта болгон окуя тууралуу угуп, элине тан бердим. Бул улутчулдук деле эмес демекмин. Болгону, өз жеринде ар ким өз укугун коргой билиши керек. Бул жакта кыргыз улутунан сырткары орус, татар, өзбек, тажиктер жашап келишет. Мындан эки жыл мурун улуттар аралык араздашуу чыкканын эл дагы деле айтып бүтпөйт. Тагыраак айтканда, 2010-жылы февраль айларында күрд улутундагы мурун соттолгон жигит окуучу кызды мектептен келаткан жеринен зордуктап салган экен. Ошонун айынан калк ортосунда араздашуу күч алган. Зордукчу жигит кармалып, өз жазасын алып, кесилген. Ошентсе да ал кагылышуу мамлекеттик деңгээлге дейре жетип, бардык күрддөр көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Көк-Жаңгактыктардын кыжыры кайнап, "апрель айына чейин чыгып кетесиңер" деп катуу ультиматум коюп, кууп чыгышыптыр. Күрддөрдүн туулуп-өскөн жери ушул жер болсо да, мал-мүлкү, үй, чарбачылыгын арзан баада сатып, Кыргызстандан чыгып Казакстан, Орусияны карай кетишкен. Мурун 140ка жакын түтүн жашаса, анын бири да калбаптыр. “Мындай улут аралык келишпестиктер маданий иш-чаралардын жогоркудай жетишпестиктерден улам көп өткөрүлбөгөндүгүнөн”,- дейт маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асылбекова.

Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kantemir
2012-07-31 20:32:38
Эмне кылабыз анан? Аябай эле окунучтуу. Мамлекет качан конул болот кудай билет.
0
Janym91
2012-08-01 00:06:43
Ошону бир карап койушса болмок маданят уйу мен эсими тарткандан бери менен эскирип жатат эчким карабай койду бизделе концерт кино дегендей коргубуз келет
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан