“Сени бөпөлөдүм, жолуң төтөлөдүм,
Аны сезгендирсиң, менин көпөлөгүм”.
Бул тил сындырчу ыр саптары эсиңиздедир? Адатта Бразилия сериалдарынан гана серенадаларды укчу эмес белек. Бул жолу кыргызча «Серенада» аткарып күйөрман топтогон Жамал Абдыкеримова конокто.
– Жамал, алгач сизди элге тааныткан “Серенада” аттуу ырыңыздын жаралуу тарыхына токтолсок.
– «Серенада» ырымдын сөзү, обону ыраматылык атам Садыралы Абдыкеримовго тиешелүү. «Серенада» – мен үчүн атамдан калган баалуу белек. Алгач ал ыр комузда ырдаганга ылайыкташтырылган болчу. Мен атамдын ырдаганын угуп калып, “мен ырдап чыгайынчы” деп суранып жатып алгам. Ырды жаздырып бүтүп, “Кыргызстан Обондору” радиосуна алпарып берип койгон болчумун. Кийинчерээк эле популярдуу болуп кетип, бир айча мыкты ырлардын катарынан түшпөй жүрдү.
– Азыр эми чыгармачылыкта такыр эле көрүнбөй кеттиңиз...
– Туура. Чыгармачылыгымдын бир нукта уланбай калышына күйөөгө тийип кеткеним себеп болду. Жашоодо ар кандай сыноолор болот экен да. Мени Кудай ден соолугум жактан далай сынга салды окшойт. Ооруп калып, бир жылда үч-төрт жолу дарыланууга туура келип жатат. Анан да күйөөм себепкер болуп, ыйман жолуна түштүм. Азыр беш убак намаз окуп жүргөн кезим. Бирок көөдөнүмдө ырларым соолуй элек. Кээде үйдө комузда кол ойнотуп калам. Демек, чыгармачылык дүйнөдөн алыстай элекмин. Буюрса, жакында жаңы ырларым чыгат, азыр жаздыруудамын.
– Кайсы жердин келини болдуңуз?
– Жолдошум Таластан болот. Мен ооруган учурда жанымда болгон адам ошол. Ал да ыйман жолунда, бирок чыгармачылыкка өтө жакын адам. Быйыл түтүн булатканыбызга 7 жыл болду. Ушуга чейин бир да жолу ырчылыгыма каршы сын айткан эмес. Ал менин демөөрчүм да болуп келет.
–Кайындарыңыз кайсы тамагыңызды тамшанып жешет?
– Кайненем ашты, ал эми жолдошум бешбармагымды тамшанып жейт. Кайненем орус мүнөздөгү аял. Өз апамдай көрөм. Жаңы келген убагымда таң эрте туруп, эшиктерди шыпырып кирчү элем. Көрсө, Таласта андай салт жок экен да. Бара-бара ал “кылыгымды” таштап, жүгүнгөндү үйрөндүм. Азыр болсо ар күнү кайындарыма жүгүнүп турам.
– Жакынкы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз..
– Атамдын ырларын элге жайылткым келет. Анын текшерүүсүнөн өтүп, жети жылда бышып жетилген “Сен менден жүзүң буруп басып кеттиң” аттуу ырымды жаздырып жатам.
Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg