Жайкы каникулда окуучулардын самаганы эле лагерь болсо керек. Кооз жаратылыштын койнунда жаңы курбу-дос күтүп эс алып келүү кимге эле жакпасын?
Көк-Жаңгак шаарындагы “Арууке” балдар лагери тууралуу угуп жүрсөңүз керек? Экзамендерди тапшырып, көптөн күткөн жайкы каникул келди дегиче, балдар шашып жөнөгөн бул лагердин иштеп баштаганына көп болгон.
«Азыркы учурда лагерде 70 бала эс алууда. Жалал-Абаддын ар кайсы булуң-бурчунан келген 6-14 жашка чейинки уул-кыздар жаңы дос күтүп, жүздөрүнөн кубаныч нуру чачырап турат. Жалаң жаш жеткинчектер эс алып жүргөндүктөн, бул жакта тартипти катуу кармашат. Кыздар-балдар өз алдынчалыкка үйрөнүп, айрымдардын көп таланттары ачылып кетет»,- дейт лагердин ага жетекчиси Алмакан эже.