ТАШ-КӨМҮР СЕЛ ЖАНА ШАМАЛДЫН КУРЧООСУНДА

Таш-Көмүр шаарынын аймагында 23-июль күнү катуу шамал менен коштолгон жаан-чачын катталды. Анын кесепетинен түнкү саат 23:30дар чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Алма кичирайонундагы М.Темирбаев атындагы №11-орто мектебинин 30 даанага чукул чатырчасынын шиферлерин жана №4-бейтапкананын чатырын толугу менен учуруп кеткен.
Кызыл-Алма айылында да төрт-беш турак үйдүн, сарайлардын чатырын  учуруп кеткен дешет.
Кызыл-Жар шаарчасынын аймактык башкармалыгындагы Таш-Көмүр-Кербен унаа жолунун 20-22-чакырымындагы унаа өтүүчү көпүрөлөрүнүн жээктерин жана жол менен байланышкан жерлерин сел агызып кетип, көпүрө аркылуу жол каттамы жабылган. Шаардагы «ДЭП-38» ишканасы тарабынан айланып өтүүчү (объезд) жол ачылып, унаа каттамы үзгүлтүккө учураган жок. Аталган объектке бул ишкана тарабынан техника жиберилип, иштеп жатат.
Учурда келтирилген зыяндарды тактоо жана Падыш-Ата гидрометеостанциясы тарабынан болуп өткөн катуу шамалдын ылдамдыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан