Туулган жылы – 1991-жыл, 23-апрель
Туулган жери – Нарын облусу, Жан-Булак айылы
Фобиясы – Суу
Хоббиси – Китеп окуу, музыка угуу
Көп колдонгон сөзү – "Албетте"
– Радио чөйрөсүнө кантип келип калганыңдан баштасаң?
– Ди-джейликке мурунтан эле кызыгып жүрчүмүн. “Алмаз” радиосунда кастинг өтүп жатканын угуп калып, улам даярданып барганыма карабай мени ылайык көрбөй жатышты. “Кайра даярданып кел” дей беришти, кийин өзүм тырышып жүрүп үйрөнүп кеттим. Бир ай волонтёр катары иштеп, үч айдан бери “Алмаздын” казанында кошо кайнап баштадым.
– Буга чейин кайсы радиону көп укчу элең? Ди-джейлердин кимисин жактырасың?
– Бала кезимден эле “Алмаз” радиосун дайыма укчумун. Анын үстүнө бийик тоолуу Нарында жалгыз гана ушул радио тартчу, калгандары акыркы бир-эки жылда эле уктура баштады.
“Алмазды” мен угуп жүргөндө Жаркын Ибраева, Чынара Токтогулованын сүйлөгөндөрүн жактырып, эфирлерин калтырчу эмесмин. Радиого чалып: “Алло, саламатсызбы, “Алмаз” радиосубу? Жаркын Ибраеваны туурап берейинби?”-дей берет элем. Убакыт өтүп ошол эжелер менен бир аз иштешип калганым, мен үчүн сыймык.
– Алгач эфирге чыкканда сүрдөө болду беле?
– Биринчи эфирге чыкканым 27-май, жекшемби күнү эле. Анда “Таңкы шоокум” аттуу эки сааттык көңүл ачуучу программаны алпардым. Аябай толкундангам. Пультту башкарып жатканда микрофон ачык калып кетип, сүйлөй берген учурлар болгон. Көбү ойлошот, “радиодо иштеген оңой, сүйлөп эле коёсуң” деп. Жок, андай эмес, ар бир жумуштун оорчулугу бар, өзгөчө биздин жетекчилик талапты катуу коёт.
– Өзгөчө эфир учурунда эсиңде калган окуя?
– Бир сапар түз ободо катачылык кетирип алып, жетекчиден катуу уруш уктум. Бул ортодо тыныгуудагы ыр да бүтүп, кайра эфирге чыкканымда көзүмдөн жаш куюлуп, үнүм дирилдесе да, билгизбей программаны улантып кеткен элем. Ди-джейлердин жөндөмдүүлүгү да ушунда болсо керек, жаман кабар уксаң же ооруп турсаң да, эч нерсеге карабастан эфирге күлүп-жайнап чыгууга мажбурбуз.
– Алдыда кандай пландар бар? Угармандарга жакында кандай саамалык сунуштайсыңар?
– Буга чейин бир да жолу чыга элек жаңы программалардын үстүндө иштеп жатабыз. Угармандарыбыздын баары тең кызыгып жатышат. Аларды сүйүнтө алабыз деген үмүт бар. Жакында “ Болушу мүмкүн, болушу мүмкүн эмес” программасы чыгат. Анда жылдыздар жөнүндөгү айың кептердин чын-бышыгын түз эфир аркылуу билип беребиз. Дагы көптөгөн программалар ободо жаңырат. Ага угармандар өздөрү жакынкы күндөрү күбө болушмакчы.
– Шаардын жаш ди-джей кызы болсоң, үнүңө арбалган жигиттер көп болсо керек. Эфир аркылуу сүйүүсүн билдирип же белегин көтөрүп келген күйөрмандарың барбы?
– Ооба, андай окуя болгон. Менин уюлдук номеримди ала албай, биздин жетекчиге “компаниядан чалып жатабыз” деп эбин таап билип алыптыр. Директорубузга “Жазгүлдү жакшы көрөм, сүйлөшөйүн десем жооп бербей жатат, сиз жардам бериңизчи?” деп чалып жүрдү (күлүп).
– Эч нерсе деген жокпу, буга жетекчиңиз?
– Жок, тескерисинче, биз ар бир угарман менен жакшы мамиледе болууга аракет кылабыз. Бул биздин жумуш.
– Бош убактыңда эмне менен алексиң?
– Чыңгыз Айтматовду өзгөчө баалайм, андан тышкары тарыхый чыгармаларды окуп турам. Жаңы журнал-гезиттерден маалымат алып турам.
– Учурда кайсы жакта окуйсуң?
– Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинде окуйм. Бүткөндөн кийин журналистика боюнча да билим алайын деп жүрөм.
– Жакынкы беш жылдан кийин өзүңдү кандай кызматта элестетесиң?
– Радиодо иштегениме аз болсо да, бул тармак жашоомдун маңызына айланып бара жатат. Андыктан беш жылдан кийин деле ди-джей болуп иштесем керек. Болгону, азыркыга салыштырмалуу тажрыйба жагынан такшалып калам деп ойлойм.
Алмагүл Турдалиева
Naryn@super.kg