Музыка – жан дүйнөнүн азыгы. Эл менен элди, адам менен адамды, ар кыл улутту тилсиз байланыштырып, тилмеч болгон да музыка эмеспи. Ал адамдардын жан дүйнөсүн бүтүндөй бир биримдикке алып келет. Ушундай касиетке ээ болгон музыканы жаратуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Бирок музыка жаратуучуларынан кыргыз элибиздин уучу куру эмес. Айтылуу обончуларыбызды санасак, алакандай элибизде эле жүздөп саналат. Мына ошондой көөнөрбөс талант ээси Нарындан чыккан Камчыбек Жусупов десек жаңылышпайбыз.
ТЕҢИР-ТОО ТАЛАНТЫ
УСТАТЫ ЖУМАМҮДҮН ШЕРАЛИЕВ БОЛГОН
Камчыбек агайдын бири-бирин ээрчибеген, кайталангыс 150дөй обону кыргыз музыка маданиятын байыткан көөнөрбөс чыгармалар болуп калганын аны көрүп- билгендер мойнуна алат. Анткени обондорун ырдаганы менен, Камчыбек Жусуповдун ким экенин билбегендер толтура. Ушунун өзү автору унутулуп, ырлары элдик болуп кеткен классиктердин тагдырын элестетет. Анын «Эрмегим», «Ак жолтойлуу келин бол», «Жумакеме таазим», «Эне тилеги», «Кайдасың, ден соолуктун мол булагы?», «Таңшы, Нарын», «Өтүнүч», «Бакчам», «Өмүр жөнүндө толгонуу», «Кол сунсаң боло» деген сыяктуу ырлары менен чоңойгон теңир-тоолуктар канча дейсиз?! Анын «Эне тилеги» деген ыры ар бир үй-бүлөнүн гимнине айлангандыгын
«Тапты уулум татынакай колукту,
Таалайына бир периште жолукту.
Ак батамды ороп туруп ичине,
Камдап койгом аппак, шайы жоолукту» деген саптарынан нукура чындыкты туябыз. Камчыбек агайдын ар бир ыры тууралуу ушундай жылуу сөздөрдү айтсак жарашат. Өзүнүн устаты Жумамүдүн Шералиевге арнап, сөзүн да, обонун да жазган «Жумакеме таазим» деген элдик ырга айланган чыгармасы не деген керемет!
АВТОРУ КАЛЫП, АТКАРУУЧУЛАР СЫЙЛЫК АЛЫШТЫ
Жусуповдун чыгармалары, негизинен, элдик ырлардын салты менен азыркы турмуш духундагы мотивдерге, ыргактарга жуурулуша чыгарылган лирикалык, патриоттук темадагы ыр-хорлордон турат. Анын ырларын учурда белгилүү ырчылар Саламат Садыкова, Динара Акулова (“Кол сунсаң боло”, “Өмүр жөнүндө толгонуу”), Султан Каримов, Майрам Дүйшөкеева (“Ак жолтойлуу келин бол”), Бермет Байкелова, Гүлзат Байзакова (“Эне тилеги”) жана башкалар чоң сахнада ырдап, жалпы журтка таанылып, айрымдары «Эл артисти» болуп чыга келишти.
Өз эмгеги менен элге таанылган Камчыбек Жусупов эч бир сыйлык-наамдарын ала алган жок. Агайдын ордунда башка бирөө болсо министрликтин эшигин каккылап, эмдигиче «Эмгек сиңирген», «Эл артисти» наамдарын алмак. Бирок мындайга анын адамдык сапаты жол бербейт. Мына ошону баалап, кийинки муундар эсинен чыгарбай, эл оозунда ырлары аткарылып турчу күн алыс эместир. Убагы келгенде чыгармаларын элдин энчисине, урпактарынын кенчине айландырып кетери шексиз.
“ТООЛОРУМ ЖЫЛБАСА, МЕН ДА ЖЫЛБАЙМ”
Жараткан каарманыбызга бир жагынан оргуштаган талант бергени менен, ден соолуктан айтпаптыр. Ажал менен тирешип, үч жыл төшөктө оор абалда жатса да, аккордеонун көкүрөгүнө коюп, талантка шыктанып, ыры менен жан дүйнөсүн дарылап, обон жаратууну уланта берди. Ден соолугум жаман деп жатып албастан, 2005-жылы Кыргыз улуттук филармониясынын, 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик циркинин залында отчёттук концертин өткөргөн.
Өмүр бою Нарын шаарында маданият, агартуу тармактарында эмгектенип, азыркы мезгилде Нарын шаарындагы №15-«Бактылуу балалык» балдар бакчасында жаш бөбөктөргө таалим-тарбия берип, музыканын сырларын үйрөтүүгө өзүнүн болгон аракетин жумшоодо. Камчыбек агай Теңир-Тоо элине үзүрлүү эмгегин арнап, ташкындап аккан суусу менен каны биригип, «туулган жеримден эч кайда кетпейм, көк мелжиген тоолорум жылса жылам, жылбаса мен да жылбайм» деп келет. Анын күйөрмандары, шакирттери чыгармаларынын көркөмдүүлүгүн арттырып, ырларында камтылган сырларды бүтүндөй элге тартуулап келери турган кеп. Андыктан агайдын жүрөгүн кубантар кез келер деген өчпөгөн үмүттүн учугуна чекит коё туралы…
Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg