Энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев жана Орусиянын «Русс Гидро» башкаруу ишканасынын жетекчиси Евгений Дод Нарынга иш сапары менен келип, Нарын дарыясына төрт чакан ГЭС куруу боюнча ГЭС каскаддарынын ордун көрүштү. “Азыр эки өлкө ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, макулдашуу болсо күздө чалгындап, жаз айы менен курулушту баштообуз мүмкүн”,- деди Евгений Дод.
Министр Шадиевдин айтымында, 2008-2009-жылдардан бери сүйлөшүлүп келе жаткан маселелердин жыйынтыгы чыкканы калды. «Миңдеген адам иш менен камсыз болуп, Ак-Булуң, Нарын-1, Нарын-2 жана Нарын-3 жылына 1 миллиард кВт/саат электр өндүрөт. Биз Кытайга электр сатканга мүмкүнчүлүк ала алабыз»,- деп билдирди А.Шадиев.
Маалымат үчүн:
ГЭСтерди курууга 400 миллион доллардан ашык каражат сарпталып, ар бир ГЭСтин кубаттуулугу 60 мегаватты түзүп, Нарын облусун толук камсыз кылат.