Нарындагы эң популярдуу “Алмаз” радиосунунда обондор оболоп, «уктуруусу керемет» деп күн сайын жар салып, жагымдуу добушу аркылуу угармандардын жан дүйнөсүнө руханий азык тартуулап келет.
“Алмаз” радиосу 2001-жылы алгачкы жолу FM 105.5 жыштыгында эфир толкунуна чыккан. Радио 1999-жылы негизделип, юридикалык каттоодон өткөн, бирок Баткен окуясына байланыштуу радиону негиздегендер эки жарым жыл күтүшкөн. «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Күтүү менен үмүт акталып, 11 жылдан бери Жаркын Ибраева жетектеген радио маалымат менен камсыздап, көңүлдүү кайрыктарды тартуулап келет.
Жакында «Алмаз-Нарын» радиосунун толкунунда жаңы дем, жаңы күч менен жаңы программалар, оюн-зоок, кечки шоу уктуруулар кайрадан жаңыча жанданмакчы.
Жакшы жашоо көп болушу керек! FM 105.5.