Жумгал районунун Чаек айылында кутурма ылаңынан сактануу үчүн айыл ичинде 244 ит атылып, үйдө байланган иттерге эмдөө жүргүзүлдү. Мындан тышкары айыл ичинде жолбун иттерди аттыруу дагы пландалып жатканын Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбек Ибраимов билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Жумгал районунан чыккан кутурма илдетине мал жандыктар жана иттер учурап жаткандыктан, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Адылгазы Исагулов тарабынан айыл ичиндеги ит, мышыктарды аттырып, үйдө байланган иттерге эмдөө жүргүзүлсүн деген буйрук чыгарылган.