Кызыл-Жылдыз, Көк-Ой, Арал айылынын көчө бойлоп отурукташкан жергиликтүү жашоочулары “оор жүк ташуучу автоунаалар жол эрежелерин сактабай, жүгү жок бош учурда катуу айдап өтүшөт” деп нааразы болушууда.
“Жүк ташуучу унаалар күн батып, түн кирери менен биринин аркасынан бири чубап, араң турган көчөбүздүн ашмалтайын чыгарчу болду. Жолдор эмес, эски үйлөр биякта калсын, кечээ эле салынган жаңы үйлөрдөн жарака кетип, урап калуу коркунучунда”,- деди Көк-Ой айылынын тургуну Мурат Кыргызбаев.