Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев Нарын облусундагы жумуш сапарынын жүрүшүндө Ага Хан өнүктүрүү тармагынын программалары менен таанышты. Анда Куланак айылындагы Ага Хан корунун жардамы менен курулган күнөскананы жеринде көрүп, Долон ашуусунда ачылган жайлоодогу уникалдуу бала бакчалардын тажрыйбасына баам салды. Наристелер жайында да билим алууну улантышууда. Министр жаш балдардын эсептөө, окуу жөндөмүнө күбө болуп, алар гимн да ырдап беришкен. Темир Сариев бала бакчанын тарбиялануучуларына компьютер тартуулап: “Кыска мөөнөттүү долбоорлор көп болсо, элибиз тез эле көтөрүлүп кетет. Мамлекет өз учурунда базарлар менен чек араны ачып берүүгө шарт түзүп бериш керек”,- деген оюн айтты.