Жагымдуу музыка чыкса ээк таянып кимдер гана рахатка батпайт. Ал үчүн маанилүү ыр, жүрөккө жетчү обон керектелет. Алардын катарын "Сагынуу", "Элегия" аттуу ырларды аткарып келген Айпери Кулбаева толуктайт.
– Саламатсызбы, Айпери, иштериңиз кандай болуп жатат?
– Саламатчылык. Рахмат, баары жакшы.
– Ырчылык кесипке келишиңиз туурасында айта кетпесеңиз болбос...
– Кесибим музыка мугалими. Кичинекей кезимден эле ырдап, бийлеп, "Манас" айтып, мектепте окуп жүргөндө райондук, облустук кароо-сынактарда катышып келгем. Жалпылап айтканда, ырчылык Жараткандын мага берген белеги десем эч бир жаңылышпаган болом.
– Үй-бүлөңүз барбы?
– Бойдокмун. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, мен төртүнчүсүмүн, үч уул, эки кызбыз. Мени ушул даражага жеткирген ата-энемди да кошо кетпесем болбос. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жерге-Тал айылында 1987-жылы 29-февралда туулгам.
– Сырттан караган адамга өтө назиксиз, а жашоодо кандай адамсыз?
– Эркектер менен чоңойгонум үчүн мүнөзүм да, кылган ишим да бир аз эркек балдарга окшоп кетет. Мени атам көбүрөөк тарбиялагандыктан, эркек мүнөз болуп калсам керек. Кичинемде балдарга кошулуп алып машыкчумун. Бирок эркектин ишин да, кыздын ишин да алып кете алам.
– Сизди "Кутман Султановдун жубайы менен душман" деп угабыз, ошол чынбы?
– Кудай сактасын. Бул сөз Кутман экөөбүз дуэт ырдап чыккандан кийин айтылса керек. Мен бирөөгө эч качан душман болуп көргөн эмесмин. Эгер душмандарымды билсем да, аны душман деп эсептебейм. Кутманга келсек, биз сахнадагы кесиптеш гана адамдарбыз. "Келинчеги менен душман" деген сөз кайдан чыкканына таң калам.
– Ырчылардан өзүңүзгө кимдерди атаандаш деп билесиз?
– Эч кимди. Менин жашоодогу негизги максатым, жакшы иштерди кылуу менен бирге бирөө алдыма таш ыргытса, мен анын алдына аш коюучу инсанмын. Башка бирөөлөр мени атаандаш десе дей берсин, мен антпейм.
– Акыркы жылдары өлкөбүздөгү кароо-сынактардын жеңүүчүсү болуп, алдыга эч кимди өткөрбөй келе жатасыз. Тааныш-билиш деген ортодо ойногон жокпу?
– Жок, менин кароо-сынактардан талантыма карабай жеңдирип коё ала турган таанышым жок. Болсо да андай кылууга намысым жол бербейт. Болгону, талантымдын баарына жумшап жатам, эмгектенип жатам, ошолор мага жеңиш алып келүүдө. Мага тарбия берген эжей-агайлардын эмгегин ушул жолдор менен актап жатам десем болот. Мен мегажылдыз болгум келбейт. Ырчылыкта лампочкага окшоп бир жанып, өчүүнүн кереги жок, андан көрө ошол нерсенин ар бир тепкичин өз күчүң менен басып өткөн эң эле жакшы жол деп билем.
– Турмуш жолунда жолдошуңуз "кесибиңди ташта" десе эмне кыласыз?
– Бул суроо мени да кыйнап келет, ушул күнгө чейин мени түшүнгөн жана ырчылык кесибимди сыйлаган инсанды Жараткандан тилеп жана издеп келем.
– Улуттук кийимге басымды көп жасайсыз, аларды кайдан аласыз?
– Улуттук кийимдерибизди биз кийип өнүктүрбөсөк, анда ким өнүктүрмөк эле? Анын үстүнө кийимдин жабык болушун жактырам. Ачык кийим кийип сахнага чыккан эмесмин.
Уулбү Каныбекова
Osh@super.kg