“Эмгек жашты талап кылбайт” дегендей, жаштайынан татаал кесиптерге аралашып жүргөн улан-кыздарды көрүп суктанасың. Ош облусундагы эң жаш жана таланттуу режиссёр Сапар Сайназаров биз менен ой бөлүштү.
РЕЖИССЁР ТУУРАЛУУ
Жашы – 25те
Кичи мекени – Ош шаары
Хоббиси – Сценарий жазуу
Тарткан киносу – “Сүйүү бийи” киносу жана башка көптөгөн кыска метраждуу кинолорду тарткан.
Учурда – Апасына келин издөөдө
– Сапар, бул тармакка аралашып калганыңызга эмне түрткү болду?
– Жеки Чан түрткү болгон. Ошонун киносу дегенде апам мага көрсөтчү эмес. Себеби ал кезде кинолорду түнкүсүн берчү да. Ал, негизинен, күлкүлүү кинолорду жаратат го, мен болсо апамдарды уктатпай каткырып күлө берчүмүн. Анан да анын жасаган трюктарын кайталап, буту-колумду сындырып алчумун. Актёр, каскадёр болом деген ой ошентип пайда болду. Анан ошол мезгилдерде “Үкү” тобу тарабынан “Кызыкча” деген программа чыккан. Ата-энем каршы чыкканына карабай Бишкекке качып барып аларга кошулгам. Менин “Үкү” тобуна кошулганыма бир ай болгондо ата-энем мени “Кызыкчадан” көрүп, анан билишкен. Негедир менде кино тартууга кызыгуу пайда болуп, идеялар топтоло берип, былтыр “Сүйүү бийи” деген кинону тарттым. Ошондон бери кино дүйнөсүнө аралашып кеттим.
– Жашоодон кесибиңизге байланыштуу эмнени издейсиз?
– Чынын айтсам, кыз издеп жатам дебейинби, ха-ха, тамаша. Мен жашоодон кесибиме байланыштуу идеяларды издейм. Жашоонун кайсы учуру адамдарга тарбия берип, кандай жашоо адамдарга туура жол көрсөтөрүн издейм да, анан элге таасир калтырчу кино жаратам.
– Режиссёр кандай жоопкерчиликтерге ээ?
– Аябай чоң жоопкерчиликтерди талап кылат. Мисалы, ошол эле учурда сүрөтчү боло каласың, ошол эле учурда бойдок болсоң да ата боло каласың. Сценарийди өзүм жазгандыктан, алдын ала оюм менен элестетип кинону тартып коём. Анан ошонун негизинде “сен мындай аткар, сен бул жакка тур” деп камерага түшүрүп, өз кызматыңдын жоопкерчилигин аласың.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg