Учурда коомчулуктун көңүлү Латвиянын Юрмала шаарына бурулуп турган кез. “Жаңы толкун-2012” сынагына Кыргызстандын атынан жаш ырчы Бек Исраилов аттанган. "Жеңишти канжыгага байлап келем" деп кеткен Бектин абалын сурап байланышка чыктык.
– Кандайсың, Бек?
– Рахмат, Кудайга шүгүр.
– Сынак кандай жүрүп жатат?
– Жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Быйыл абдан күчтүү катышуучулар көп. Мен да өзүмдү жогорку деңгээлде көрсөтүүгө аракет кылып жатам.
– Жеңишке жетем деп айта аласыңбы?
– Эми буюрганы болот го. Күчтүү катышуучулар көп, андыктан азыр эч нерсе айта албайм.
– Сен үчүн, негизгиси, катышуубу же жеңүүбү?
– Кичинекей кезимден "сахнага чыгып ырдасам экен же жөн эле ушул жерден концерт көрсөм экен" деп эңсечүмүн. Кудайга шүгүр, ошол тилегиме жеттим.
Азыр болсо Кыргызстандын атынан келип жаткандан кийин биздин желекти бийик көтөрүп, мыкты деңгээлде ырдасам деген – башкы максатым.
– Атаандаштарың менен таанышууга жетиштиңби?
– Келгенибизге он күндөн ашып калды. Күнүгө репетицияда көрүшө берип, баарыбыз достошуп калдык.
– Юрмала кандай шаар экен?
– Абдан кооз. Аба ырайы бат -баттан алмашып турат экен. Анан бул жердин өзгөчөлүгү, өздөрүнүн тарыхый архитектурасын жоготпогону, башкача айтканда, эски үй, ресторан, мейманканаларды бузбай, ошол бойдон сактаганга аракет кылышат экен. Биз да ошондой мейманканада жашайбыз.
– Ар бир кыргыз жараны сенин жеңишиңе үмүттөнүп турганда аларга эмне деп айта аласың?
– Биринчиден, кыргыз элиме чоң салам! Кыргызстанды абдан сагындым. Баарына ыраазычылык билдирем. Менде абдан чоң жоопкерчилик бар экенин түшүнөм. Биздин элдин намысын коргоо үчүн колумдан келген аракетимди жумшайм.
– Аракетиңдин акыбети кайтып, жеңиш менен келишиңди күтөбүз.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg