Кыргыз цирк өнөрпоздору Астанада өткөн эл аралык “Азия жаңырыгы” аттуу фестивалга катышып, байгелүү кайтышты. Мурат Акматовдун жетекчилиги алдында барган өнөрпоздор Монголия, Кытай, Орусиядан келген цирк чеберлери катышкан фестивалдан 2-орунду имерип келишти.
Ошондой эле Орусиянын Башкортостан Республикасында түрк тилдүү элдердин таланттарын бириктирип, 30 өлкө катышкан “Урал моно-2012” сынагынан мекендешибиз Захира Шайдылдаева 3-орунду алып кайтты. Жеңишиңер жемиштүү болсун, мекендештер!