"Тамашоучу" жигит Мурат Жалиевге келинчеги наристе белек кылса, аны куттуктап өкүл атасы Муратка Ниссан Марч 2 үлгүсүндөгү өзүнчө эле “милашка” унаа белек кылыптыр. “Өкүл ата тандоону менден үйрөнгүлө” деп кубанып жүргөн Мураттын темир тулпарынын көрүнүшү жылмайып турган быйтыктарга окшойт. Ичинде Мурат отурса бири-бирине куп жарашып калат. “Машинамды көрүп жылмайган эл ичинен мени көргөндө ого бетер каткырып жатышат”,- дейт ал.