Кыздар, кулагыңарга күмүш сырга! Жакында кереметтүү көл жээгине дүйнөлүк жылдыз Дэн Бэлан келет. Болгондо да жалгыз эмес, андан башка америкалык “Nа-Nа” тобунун ырчысы Рей Хортон, орусиялык “Krec” тобу, “Les Twins” бий дуэти жана башка дүйнөлүк деңгээлдеги атактуулар келишмекчи. Айта кетсек, аты аталган жылдыздар Атай Өмүрзаковдун “Мен бийчи” долбооруна конок катары чакырылышкан. Бул жай көлдүктөрдүн өмүр бою эсинде калат өңдүү.