Өлкөсү – Кыргызстан
Жанры – Мелодрама, трагикомедия
Продюсери жана сценарийдин автору – Өмүрзак Төлөбеков
Режиссёру – Ырыс Окенова
Көркөм жетекчиси – Нуртай Борбиев
Ролдордо – Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жанталиев, Нурзат Токтосунова, Камчы Сарыбаев, Назира Бердигулова жана башкалар
Тасманын узактыгы – 1 саат 43 мүнөт
Бет ачары – 16-июнь, 2012-жыл
Бюджети – Болжол менен 50 миң доллар
CЕЛСАЯКТЫН ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛУУСУ
Ажо менен жолугушуп, жеке көйгөйлөрүн чечүү ар бир адамга эле буюрбаса керек. Өлкө башчынын кабылдамасында айлап-жылдап кезек күтүп отургандар канча? Ал эми жогорудагы тасмада өлкө башчысы жеке кортежи менен өтүп баратып, көчө бойлой желим бөтөлкө чогултуп жүргөн селсаяк – Жуманы (Марат Жанталиев) байкап калат. Бул окуядан соң президент Самат Аманович (Марат Алышбаев) министрлердин ишин катуу сынга алат. Президенттин эскертүүсүнөн корккон кол алдындагылар көчөдөгү Жуманы таап кийинтип, ажого “менде баары жакшы” деп кат жаздырышат. Муну окуган президент “бул спектакль” деп ишенбей, анын тагдырын билүүгө кызыкдар болот. Желим бөтөлкө чогулткан Жума ажого кантип үн созуунун айласын таап, ага досунун аянычтуу тагдырын баяндап кат жазып, жардам сурайт. Окуянын жүрүшүндө Жуманын досу Омор (Аскат Сулайманов) кезинде жеке бизнесинен банкрот болуп, 12 жылга кесилип кеткендиги аныкталат. Буга кайдигер карабаган өлкө президенти ага жардам берүүнү туура көрүп, Жуманын досу Омор акталып, ага мамлекеттик кызмат сунушталат.
Аталган тасма тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн
фильмдин продюсери жана сценарийинин автору
Өмүрзак Төлөбеков менен баарлашкан элек.
“ТҮЛЕЕВ ТАРАПТАН САЯСИЙ БУЮРТМА БОЛГОН ЖОК”
– Айтсаңыз, тасманын идеясы кимге таандык?
– 2004-жылы менин “Сүйүү жана миллион” деген китебим жарыкка чыккан. Ошол китепте “Акча” деп аталган повестим бар эле. Тасманын сюжети дал ошол повесттен алынган. Повестте кинодогудай эле акча барда адам ким жана акча жокто ким болуп калары кеңири сүрөттөлөт.
“Президент жана бомждун” сценарийи мындан 2 жыл мурун жазылган. Сценарийди жазып жатканда эле тасма тартууну ойлоп, кимди кайсы ролго аларымды элестетип койгон элем. Фильмде, чынында, жалаң профессионалдар тартылып, эч бир кынтыгы жок аткарышты.
– Фильмдеги президенттин үйү, иш бөлмөсү кайсы жерден тартылган?
– Ажонун иш бөлмөсүн, үйүн, кымбат баалуу машиналарын бүт Нариман Түлеевдикинен тарттык. Бул жагынан ал чоң колдоо көрсөттү. Өзү жүргөн машинасын бизге берип, кээде такси менен кетип, отурган иш бөлмөсүн бошотуп берип жатты. Анан ушундан улам “Нариманды ушул фильм үчүн камап салыптыр” деген сөз чыгып кетиптир. Бул жерде эч кандай Түлеев тараптан саясий буюртма болгон жок. Атүгүл Нариман сценарийди окуган эмес жана тасманы да көрө элек.
– Тасмада кайсы президентти сүрөттөдүңүз ошондо?
– Тасмада конкреттүү тигил же бул президенттин жүргүзгөн саясаты чагылдырылган эмес. Мурдагы ажолордун айрым мүнөздөрү бар, бирок фильмдеги президент – абстракттуу адабий каарман. Биздин кыялыбыздагы эл башкаруучу ушундай болуш керек деген мааниде гана берилген.
– Фильмге кандай сындар айтылууда?
– Сындар сөзсүз түрдө болот, албетте, аларды түшүнүү менен кабыл алам. "Фильм кинотеатрга барбаган элдин катмарын ойготту" деген мактоолорду угуп жатам. Жакында тасма Казакстанда республикалык деңгээлде кинотеатрларда көрсөтүлөт. Ошондой эле Орусиянын чоң шаарларында коюлуп жатат. Мындан сырткары Германия, Франция, Түркияда да сурап жатышат. Анан мындай ийгиликтердин астында сындар суу кечпей калат го дейм.
– Тасмада мурунку жана учурдагы бийликтин бир топ эле былыктарын чукупсуз. Бут тосуулар болгон жокпу?
– Майда бут тосуулар болду. Мамлекеттик телеканалдар эшигин жаап коюшту. Жетекчилери менен жолугайын десем, таптырбайт. Эптеп карагайларга плакаттарды илип койсок, мэрия болбогон шылтоолор менен айрып, жыртып салышты. Орусиянын шаарларына да илип койдук. Эми ошолорду барып жыртып көрүшсүн.
– Фильмдин бюджетине чоң суммадагы каражат сарптадыңыз, демөөрчүлөр кимдер?
– Каражатты бүт өзүм таптым. Тасмада дос-айылдаштарынан карыз алып, үйүн күрөөгө коюп, бизнесинен банкрот болгон каарман Оморго менин окшоштугум бар. Кино тартам деп 3-4 банкка барып акча сурасам, макул болбой коюшту. Ак үйдөгү 2-3 депутатка да айтып көрдүм, бирок алар да ишенишкен жок. Анан өзүмдүн үйүмдү, дачамды сатып, машинамды күрөөгө коюп, тартуу иштерин баштадым. Анан да сценарийди өзүм жазгандыктан, сюжеттеги 99 пайыз каармандардын диалогу менин окуямдан, уккан-көргөнүмдөн алынып жазылды. Тасмадагы Омор ишкер болуп колунда акчасы турганда айылдашы “сен басып келатканда астыңа килем төшөп, намаз окуш керек” ал эми банкрот болгондо “карызымды бербесең, бас, уюмдун богун тазалатам” дейт эмеспи. Мына ушундай диалогдорду мен кезиктиргем. Философиялык маанисин терең кылып бере берсең, кинону коомдун 6 же 7 пайызы гана түшүнүшү мүмкүн. Ал эми тарбиялык мааниси күчтүү болуп, коомдун аң-сезиминин өзгөрүшүнө салым кошсо, анда бул биздин жеңиш.
Лунара Бекиева
kino@super.kg