Бир бүркүм... ПРОКУРОР ПАРА АЛЫП КАРМАЛДЫ...

  • Ысык-Көл районунун прокурору жана анын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду.
  • 2013-жылы Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Апсамат Масалиевдин 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт.
  • Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык мэриясына 76 троллейбус сатып алуу боюнча токтомго кол койду.
  • Ош-Бишкек автожолундагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннель 17-октябрга чейин саат 23:00дөн таңкы 5ке чейин жабылат.
  • "M-Vector" изилдөө компаниясынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда гезит басмаларынын ичинен "Супер-Инфо" лидер деп табылды.
  • "M-Vector" компаниясынын изилдөөсүндө www.super.kg сайты Кыргызстандагы интернет маалымат булактарынын ичинен 3-орунга чыкты. Алдыда Акипресс жана 24.kg сайттары.
  • Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги жарым жыл ичинде цементтин баасын арзандатууга убада берди.
  • "Ош сити – өзбек махала" ыры соттун чечими менен Кыргызстанда мыйзамсыз деп табылды.
  • Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Равшан Сабировду үй камагына чыгарды. "Качып кетпейт" деп 6 депутат кепилдик бериптир.
  • Кыргыз парламенти көтөрүп чыккан демилгенин негизинде КМШга кирген өлкөлөр арасында Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык негизделиши мүмкүн.
  • Мыйзамсыз түрдө ок атуучу куралдарды сактоо жана бийлик өкүлдөрүнө зордук көрсөтүү айыбы менен күнөөлөнүп жаткан Камчы Көлбаевдин жакыны Адилет Касенов Араб Эмираттарынан Кыргызстанга алынып келинди.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Taalaibek.
2012-08-01 04:37:39
Равшан Сабировко "Качып кетпейт" деп 6 депутат кепилдик бериптир. Эгерде Равшан Сабиров качып кетсе, ошол кепилдик берген 6 депутат, Равшан Сабировтун оордуна соттолушсун.
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан