Экс-президент Роза Отунбаева август айында дүйнөнүн булуң-бурчунда жүргөн кыргыз мекендештерибизди чогултат. "Мекендештер" форумунда Осмонакун Ибраимов Кыргызстандын социалдык-саясий келечеги тууралуу маселени көтөрүүнү жана дүйнө жүзүндөгү мекендештерди өз ара байланыштыра турган глобалдык социалдык түйүн түзүүнү сунуштамакчы. Анын форумга алып чыгуучу дагы бир топ алгылыктуу сунуштары бар экен.