Президент Алмазбек Атамбаев 44 мамлекеттин жарандарына Кыргызстанга визасыз келип, 60 күнгө чейин эркин жүрүү тартибин киргизген мыйзамга кол койду. Бул документ өкмөттүн туризм тармагын өнүктүрүүгө жана инвестиция тартуу аракетинде иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. 60 күндүк визасыз тартип менен Кыргызстанга бир жылдык ички дүң өндүрүмү киши башына 7000 доллардан ашкан өлкөлөр менен Евробиримдикке кирген мамлекеттин жарандары келе алышат.
Кызыгы, Кыргызстан менен тыгыз мамиледе иштешип жаткан Иран өлкөсү бул тизмеге кирбей калды. ТИМ муну өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнө байланыштырып, бирок ынанымдуу жооп айта албады. Ал эми Иран тарап “эгер өлкөлөрдүн ички дүң өндүрүмүнө басым жасалган болсо, Индонезия (Кыргызстан менен Индонезиянын ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорту барлар үчүн визасыз режим киргизилген) же болбосо Босния жана Герцеговина өңдүү өлкөлөр кандайча бул тизмеге кирип, биз кирбей калганбыз?” деген суроону узатууда. Балким, бул АКШ менен Иран ортосундагы мамилеге барып такалып жүрбөсүн?..