Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Лондон Олимпиадасынын ачылышына катышуу ниетин билдирген. Олимпиада оюнун уюштуруу комитети өкмөт башчынын эки жан сакчысына, жардамчысына жана үй-бүлө мүчөлөрүнө Лондонго келип оюндарды көрүүгө чакыруу берди.
Кызыгы, Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди баш калкалатып алган Беларусь ажосу Александр Лукашенкого Олимпиада оюндарын көрүүгө уруксат берилбеди. Ал өз өлкөсүндө Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчиси экендигине карабастан, Лондон эшигин жаап койду. Анткени Евробиримдикке кирген өлкөлөр 2009-жылы Беларустун президентин баш кылып бир канча министрлерди экономикалык келишимдерди аткарбагандары үчүн өз өлкөлөрүнө киргизбөөнү чечишкен.