Ушул аптада Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү колониясында 20 жаштагы катардагы жоокер Рахат Сардарбек уулу Калашников автоматы менен өзүн-өзү төшкө атып, ооруканага жетпей каза тапты. Бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы учурда иш алпарып жатат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф "жоокер кызмат өтөп жаткан бөлүмдө "дедовщина" жок, баары бири-бирине сый мамиле кылат, жоокердин өлүмүнө айылдаштарына байланыштуу окуя себеп" деген "жомокту" айтып чыкты. Чын эле Александр мырза айткандай, "дедовщина" жок болсо, минтип кырчындай жаш жигиттер четинен өз өмүрүнө кол салышпайт эле го?