Бишкек шаарындагы №61-мектепти өзүн-өзү каржылоо системине өткөрүү сунушу коомчулукта кескин сынга алынууда. Билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун айтымында, бул мектепти өзүн-өзү каржылоого өткөрүү менен мамлекет казынасын 18 миллион сомго үнөмдөйт. Ооба, бул өкмөттүн казынадагы таңсыктыкты жоюу далбасы. Бирок мектептерди өзүн-өзү каржылоого өткөрсө, анда ар бир ата-эне 1-класстан өйдө ай сайын 4000 сомдон, 5-класстан өйдө 3000 сомдон балдардын окуусуна төлөп калат. Ансыз деле жакырчылык ийинден ныгыра басып турганда карапайым калк балдарын айына 3000-4000 сом төлөп окута албайт. Өкмөт казынаны балдардын бекер билим алуу укугун чектөө жолу менен эмес, паракорчулукту жоюу менен толтурса туура болчудай.