Быйыл жайдын аптабында кыргыздын саясий чөйрөсүндөгү оюндар күч алды. ЖК менен өкмөттүн тиреши жана “Ата Журттун” ичиндеги интригаларга жалпы кыргыз тигилип, “кантишер экен?” деп күтүп турган чагы. ЖКдан эң көп добушту алган партиядагы так талаш күчөгөндөн күчөп барат. “Эгер партияда мындай мамиле күчөй берсе, анда “Ата Журттун” көпчүлүк мүчөлөрү башка партияларга өтүп кетиши мүмкүн. Өз алдынча партия түзүп кетүү мүмкүнчүлүгү да жок эмес”,- деп билдирди Ахматбек Келдибеков. Элге чоң убадаларды берип, ишенимине арзыган “ата журтчулар” так талаш оюну менен жүрүп, миңдеген шайлоочуларын унутуп кетишпесе болгону.