Орусияга биринчи расмий иш сапары менен барган Өмүрбек Бабановдон Дмитрий Медведев “чү” дегенде эле Бакиевдердин карызын доолады.
Дмитрий Медведев "жеке адамдардын эмес, мамлекеттин карызы" деп атаганына карабай “Бакиевдердин карызы” дегенден башкача атай албадык. Анткени Кыргызстандын Орусияга учурдагы карызы, Каржы министрлигинин билдирүүсү боюнча, 490 миллион долларды түзсө, анын 2009-жылы берилген 300 миллиону Бакиевдер менен кошо жоголгон. Ал миллиондорду пайдасына жумшабаган кыргыз жебеген самсага пул төлөп жатат. Ал эми 190 миллиону тээ Союз кезинен калган эски карыз. Орусия айрым өлкөлөрдүн буга окшогон Союздан калган миллиарддаган суммаларын кечип жиберген. Бизге келгенде андай кылгысы жок, анткени үлкөн өлкөнү кызыктырган "Дастан" заводу турат, Кыргызстанда.
Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев кыргыз тарап карызды төлөмөйүнчө эки өлкөнүн ортосундагы ири долбоорлор ордунан жылбай тургандыгын кыйытты. “Ооба, бул карыз учурдагы кыргыз бийлиги тарабынан чогула калган жок, бирок баары бир төлөнүшү керек”,- деди Орусия өкмөт башчысы. Алмазбек Атамбаевди дайыма жылуу кабыл алып, узатуучу Орусиянын бул жоругу көп суроолорду жаратты. Мындай жоругу менен расмий Москва Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабановдун ортосуна жик түшүрүүнү максат кылып жатабы?
Бул күндөрү Кыргызстандын саясий талаасы да күрү-гүү түшүүдө. Негизги сөз өкмөт менен депутаттар тууралуу. Эл өкүлдөрү өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгеси боюнча 10-августта кезексиз жыйын өткөрмөкчү болууда. Андыктан адатта жайкы каникулга чыгары менен жер кезип кетүүчү эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү эс алууну ойлоруна албай, кабинеттеринде жүрүшөт. Ким жеңет? Өкмөтпү же Жогорку Кеңешпи? Эгер эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул демилгени колдосо, акыркы чечим президентке барып такалат. Президент парламенттин демилгесин колдоого да, четке кагууга да укуктуу. Президент үчүн учурда өлкөдөгү туруктуулук баарынан жогору. Демек, өкмөттү отставкага кетирбей коюу мүмкүндүгү жогору.