Асел Касымова: «ЖИГИТИМ МЕНЕН БИРГЕ БОЛО АЛБАДЫМ...»

Учурда "Эркелеп, эркелеп сага барсамбы, Кучагың, кучагың мага жайсаңчы..." деген саптардан турган "Эркелеп" аттуу ыр хитке айланып, анын аткаруучусу Асел Касымовага кызыгуулар көбөйдү. “Кудай буюрса, Кудайга шүгүр” деген сөздөрдү тумар кылып колдонгон ырчы кыздын “жашоо биографиясы” туурасында маек курдук.

– Саламатсызбы, Асел, жакында чоң энеңиз каза болуптур. Арты кайрылуу болсун!
– Ооба, чоң энемден айрылып калдык. Бул жыл биз үчүн, айрыкча атам үчүн оор жыл болду. Чоң атам да, чоң энем да ушул жылы кайтпас сапарга кетишти. Бирок бактылуу карылыкты көрүштү. Ал адамдарды эстеген сайын өзүмдүн аларды ээрчип, эркелеп жүргөн кичине чагым көз алдыма тартыла түшөт.

– Азыр эмнелер эсиңизге түштү? "Асел бала кезинде тентек эле" деп угуп калам...
– Аябай тентек элем. Ата-энем баш кошкондон кийин эки уулдуу болушуп, бирок экөөнөн тең айрылып калышкан экен. Беш жылдан кийин мен төрөлүп, тун небере болгондуктан, таенем менен чоң энемдин эркеси болуп чоңойдум. Ошол себептенби, ушунчалык өзүмчүл жана кылдан кыйкым издеген чыргоо болчумун. Бир жакка конокко барып калганда “кийизи кир экен, отурбайм” деп жаңжал чыгарып, апам “сени эми эч жакка ээрчитип барбайм, уят кыласың” деп урушар эле. Апам отуруштарга барып же достору менен майрамдап калса, эмне ичип, эмне жегенинен бери төкпөй-чачпай атама айтып келчүмүн.
Таенемдикине барып калсам, шейшептеримди алдын ала даярдап коёр эле, себеби “бирөөнүн төшөгүнө жатпайм” деп чыр салчумун. Таятамды ээрчигенден тажабай, эртең менен эрте талаадан отун алып келүүгө аны менен кошо кетип калчумун. “Мен да көтөрөм” десем, арчалардан артыма байлап койчу. Чоң энемдерге барганда үйдөн алып барган кийимдеримди кийбей, атамдын эң кичүү карындашынын кийимдерин кийип алчу экенмин. Байкелерим “жүрү, Асел, бир бала менен мушташасың” деп колума бокстун кол кабын кийгизип коюшса, коркпой барып балдар менен мушташып, акыры таяк жеп, ыйлап кайтар элем.

– Демек, ата-энеңизден көп эле жеме уккан экенсиз да...
– Атам аскер кызматкери болгондуктан, тартипти катуу кармап, талапты катуу койчу. Тентек болсом да, атамдын жемесин уга турган деңгээлге барганым жок. Мектепте жакшы окудум. Иним экөөбүздүн ортобуз бир жаш болгондуктан, бир портфель көтөрүп, бир партада отуруп окудук. Анын бою кичинекей болчу, портфелди көтөрүп, аны жетелеп жүрөр элем. Эжейибиз класском кылып койсо, классташтарымды тартипке салам деп сабачумун.

– Бала кыял, тентек мүнөздөн качан арылдыңыз?
– Ал мүнөздөн “Кыз-Бурак” тобуна барганда арылдым. Ал жерде биринчи орунга топту, чыгармачылыкты коюшуң керек болот. Андан сырткары топтогу тартип, Кенже эженин, Айжамал эженин мүнөздөрү мени өзгөрттү. Анын үстүнө гастролдоп, чыгармачылыктан бошой албай жүргөндүктөн, өз курбуларыма аралаша алган эмесмин. Негедир классташ кыздарымдын кафеге, дискотекага баргандары мени кызыктырчу эмес. Андан көрө “Кыз-Бурактын” кыздарынын арасындагы оюн-күлкүгө менин жан дүйнөм тартып турар эле. Айжамал Кабылованы аябай сыйлайм. Бир тууган эжемдей эле болуп калган. Адамдык сапатына суктанам.

– Кесибиңизди туура тандадым деп ойлойсузбу?
– Музыка факультетинде окуйм деп ойлогон эмесмин. Кокусунан тапшырып калгам. Жаңы окуп баштаганда көнө албай кыйналдым. Адамдар аз, ар ким өзү менен өзү болуп жүрө берер эле. Ал жакта бир жыл окугандан кийин кошумча чет тилдер факультетине тапшырдым. Анан “Элегия” тобуна келип, ырчы Замир Мырза, Эмил Балтагулов менен концерттерге барып, гастролдорго чыгып жүрүп ырчылыкка биротоло көнүп кеттим. “Элегияда” жүргөндө топтун башкы солисти Айчүрөк экөөбүздүн табиттерибиз таптакыр эки башка эле. Ага жаккан ыр мага жакпайт, мага жаккан форма ага жактайт, ошентип жүрүп топтон кетип калдым. Кудайга шүгүр, азыр жеке ырчымын.

– Дарегиңизге айтылган сын, ушактарды кандай кабыл аласыз?
– Артымдан ушак, сын ээрчитпегенге аракет кылам. Бирөөгө сын айтпайм. Досторумдун ичинен да туура кабыл алганына гана сырымды айтам. Анан “өзүңдү билип алчы” деп кайра атырыла тургандарга кеңеш же сын айтып башымды оорутпайм. Эң көп эле www.super.kg сайтынан Анжелика экөөбүздүн окшоштугубузга айтылган сындарды уктум. Ага берген жообумду эл арасында аты таанылып калгандыктан, Анжелика деле түшүнүү менен кабыл алды болуш керек деп ойлойм.

– Кайгыны жеңүү үчүн жан дүйнөңүзгө кандай согуштарды жасайсыз?
– Мурда кайгымдын баарын ичиме катып жүрө берчүмүн. Азыр кайгы эмнеден пайда болду? Ырым жакпай жатса, кесиптештериме айтып, кеңеш сурайм. Жеке жашоомо байланыштуу болсо, үй-бүлөм менен чечишем. Ал эми эч кимге айтылбаган сырдуу кайгы болсо, анда ый менен чыгарам. Быйыл “Эркелепти” ырдагандан бери бугумдун баары ыр менен чыгып кеткенсип, жыргап жүрөм, себеби ал ыр жеке жашоомдон алынган. Кээде кандай ыр ырдасам, жашоом ошого байланып калгандай туюлат. Ошондон улам “болду, кайгылуу ыр ырдабайм” деп калам. Себепсиз кайгыга түшпөйсүң дечи, көбүнчө бирөө көңүлүңдү оорутат. Менин көңүлүмдү көп адамдар оорутушкан. Ал кезди эстегим да келбейт.

– “Эркелеп” аттуу ырыңызды жеке жашоомо байланыштуу деп калдыңыз, жаралуу тарыхына токтоло кетсеңиз...
– Бул ыр, чынында, бирөөгө арналган. Буюрбаптыр, бирге боло албадык. Аябай депрессияда жүргөн кезим эле. Анын үстүнө Нурлан Насип ыр чыгарып берем деп айтып калчу. Өткөн жылы Ошто концертин бергенде бул ырдын музыкасын угузду, мага дароо эле жагып, сөзүн жетпеген сүйүү эмес, сагынуу тууралуу өзүм жазам деп жүрдүм. Бирок эч эргүү келбей койду. Анан дагы бир гастролдо Нурлан аккордеонун кармап алып, экөөбүз ошол обонго сөз жаздык. Мен ырдын мазмунун айтып бердим, абалымды жакшы түшүнүп турган Нурланга сөзүн жазуу кыйынга турган жок. Экөөбүз бир күн кечке отуруп алып ушул ырды жараттык.

– Бакытты чакырыш үчүн кандай кадамдарга барасыз?
– Шартка жараша ар кандай кадамга барышым мүмкүн, бирок турмуштун жаман-жакшысы болот эмеспи, аларды ылгаганга аракет кылам. Жаман кадамга барбайм деп ишенем. Кыздарда намыс менен эрк көбүрөөк жашашы керек да, канчалык сүйүп жатсам да, сүйүүнү эмес, намысты биринчи орунга коюп, баарын ыр менен чыгарып жүрө берем.

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асел Касымова: "Анжеликага окшош эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (27)
meineblume
2012-07-31 02:51:06
ooba tuura aitasynar! alar biri birine ech ele okshoshpoit eken, ar birinin ozuno jarasha suluulugu bar da!
birok ekoo ten suluu , boiluu, akylduu, yimanduu kyzdar eken , salyshtyra ketkende bolgonu Anjelika balaluu a Asel BUIRUSA bolot!!! ishine iigilik, ar daiym ushunda kichi peiil, ordu menen suilop, adamdyn konulun kaltyrbai, jaman soz suiloboi, sahna jyldyzy naamyna tatyp baktyluu ajarluu,ata enendin bir tuugandaryndyn syimyktangan kyzdarynan bol!!!!! iigilkik baaryna!!!!!!jany² yr k
0
ramyata_ik
2012-07-31 19:01:54
meineblume, jook 4yn ele okwow eken men azyr korup tan kaldym, tol'ko bul kyzga anjelikanykyndai salon anan makiyaj kerek))
0
aidemi
2012-07-31 11:20:28
чын эле окшош экен Анжеликага
0
timan86
2012-07-31 14:08:02
Асел балдызыма эчким жетбейт чыгармачылыгына ийгилик
0
AGAT
2012-07-31 16:29:52
zuzu86 - 20 күнгө банга!
Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
77777
2012-07-31 19:09:26
timan86, siz baldyzym deisiz,bul eje sizden uluu go deim)))
0
asemkiz
2012-07-31 21:56:44
жакшынакай жылдыздуу кыз экен гулназды коро албай журдум эле адагы жакшына кыз экен
0
Jama15
2012-07-31 22:27:45
Asel ununo bereke, ir saptarzynda sagynych menen kyttyny suzdan ygarman kuiormandaryma jetkirgin. Jeke jashomo tieshelyy dedin, al adam ukkanda bir kezdi eskerim. Bizdin suiuu, Aselkanyn sanychy ir saptarinda tubolukko saktalyp kaliptir dese kerek. Aselka saga baardyk jaginan yigilik kaalaim. Byiyiky jyldyn debydy bol!
0
2012-07-31 23:18:53
Асел эн сонун ырдаган, клипти да жакшы тартышкан!!! Соз жок Браво!!! балдар балдар ОШ!!!
0
timan86
2012-08-01 12:01:02
77777. Асел менден кичу мага балдыз болот
0
Syrduu_kyz
2012-08-02 15:52:01
Оло жактырам да ушул эжени, ушунчалык соонун суйлойт.
0
bakyit
2012-08-02 19:22:36
мага анчажакан жок анжелика сулууда бундан
0
Knt
2012-08-04 20:55:58
muuah!suiom go bul kyzdy!
0
mamirova
2012-08-05 01:10:15
asel eje suluu nege degende asel eje kirgizimdin kizida. iygilik sizge asel eje
0
Asemokakg
2012-08-05 20:53:30
Анжеликага жетпейт воопще
0
ULA14
2012-08-21 02:45:42
ee Asel ejeme e4kim jetpeit atak soz jok ejeme !aa Anjelikaga keldek aga karaganda ejem suluugo deim i anan eko bir birinine takyr okwowpoit!!!!Asel eje 4ygarma4ylyk iygilik ar daiym bar bolun! Krosi
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан