ТАБЫШМАКТАР

Тоодо экен үңкүрү,
Топ жырткычтын күчтүүсү.
Тышка чыкпай кышында,
Уктап жатат күн-түнү. (Аюу)

Күчтүү, дагы шамдагай,
Күркүрөсө сүрү, ай!
Карышкыр да, аюу да,
Коркот андан аябай. (Жолборс)

Узун экен куйругу,
Учтуу экен тумшугу.
Эң айлакер жаныбар,
Эмне дейбиз биз муну? (Түлкү)

Узун экен кулагы,
Узун арткы шыйрагы.
Абдан коркок жаныбар,
Айткылачы бул кайсы? (Коён)

Асек Казиев


КЫТЫ-КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Сабак учурунда мугалим окуучуларына карап:
– Кана, ким өзүн акылсыз деп эсептесе, ордунан турсун!- дейт. Бир аздан соң Ташмат ордунан турат. Мугалим таңданып:
– Сен чын эле өзүңдү акылсызмын деп эсептейсиңби?
– Мм, андай деле эмес... Класста жалгыз эле сиз туруп турсаңыз ыңгайсыз көрүнөт экен...

Мугалим окуучулардан сурайт:
– Кана, ким айтат, шым деген сөз көптүк сандабы же жекелик сандабы?
Ташмат ордунан туруп:
– Өйдө жагынан карасак, жекелик сан, ал эми ылдый жагынан карасак, көптүк сан. Анткени шымдын бели бирөө, багелеги экөө.

Уулу атасына:
– “Чыныгы эркек бардык жагдайда өзүн олуттуу кармап жүрүшү керек” деген сөз чынбы, ата?
– Ооба.
– Анда сизге күндөлүгүмдү көрсөтө берсем болобу?

Кичинекей кыз дүкөнгө келип, сатуучуга:
– Эже, сүт бересизби?- деп колундагы бидонду берет.
Сатуучу сүттү куюп берип сурайт:
– А кана акчаң?
– Бидондун ичинде болчу...

Апасы кичинекей кызын алдап жатат:
– Эгер бул боткону жебесең, жез кемпирди чакырам!
– Апа, сиз жез кемпирдин бар экенине дале ишенесизби?


5 АЙЫРМА ТАП

Асхат Субанбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан