Азыр мен сөз кылчу эне 108 жашта. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп, төрдө небере жытына мас болуп отургандын ордуна сыз тамда чымынга таланып жатканы жүрөктү оорутту. Каарманыбыз Кочкор-Ата шаарынын тургуну Зульфия апа учурда тил-сөздөн калып, төшөктө жаткандыктан, майыптар арабасында отурган 60 жаштагы Махамадали деген уулу менен маек курдум.
108ге чыккан эне учурда сыртка кирип-чыга албайт.
“АПАМДЫН ИЧЕР СУУСУ АЗ КАЛДЫ”
– Апаңыз 108ге чыгыптыр, азыр абалы оор окшойт...
– Ооба, көрүп турганыңдай, апамдын колу-буту шишип, тамак жебей, суу гана ичип калды. Колдорунун терисинин целлофандан айырмасы жок, жупжука тартып баратат. Бир аз эле катуураак тартсаң, айрылып кетчүдөй. Бир-эки жума араң чыдагандай эле жаны калды көрүнөт. Мурун баса албаса да, сүйрөлүп жылып жүрчү, беш-он күн болду, азыр сырткы дүйнө менен байланышы такыр үзүлүп баратат. Кээде “ичер суум аз калды окшойт, балам” деп кобурап калат.
– Апага сизден башка каралашар балдары жокпу?
– Бир тууган агам бар. Карыганда кишиге оору жабыша берет экен да. Агам да оорукчан болуп, Ошто дарыланып жүрөт, чамамда. Анын да аялы бар эле, өтүп кетти. Балдары Бишкек жакта, кайрылышпайт деле атасына. Ага деле кыйын, карыганда жалгыз калды.
– Сизчи? Үй-бүлө күттүңүз беле?
– Мен да үйлөнүп, кийин ажырашып кеттим. Бир уул, бир кызым апасы менен кеткен, алардан кабарым деле жок, келишпейт. Андан кийин дагы бир жолу үйлөндүм. Азыркы аялдар жеңил ойлуу болуп кетишкенби, айтор, алдап жан баккан немеге туш болуптурмун. Өзбекстандан алдым эле, такыр колунан иш келбейт экен. “Кой, сенден көрө өзүм жакшы иш кылам” деп аны жолго салып койгом. Ошондон бери апам экөөбүз жашап келатабыз.
– Жашоо-шартыңыздар оор экен, жардамга кол сунгандар барбы?
– Көп болуп калды, Өзгөндөн бир ажы апа 187 миң сом акча берди, жардамга деп. Кулап калчудай болуп турган эски үйдүн жанына жаңы үй тургузуп берди. Андан башка да жардам көрсөткөн кошуна-колоңдор бар. Азыр бизге ушул үйдү бүтүрүп беришсе эле эң чоң жардам болмок.
– Сиз эмне болуп майыптар арабасына отуруп калгансыз?
– Мен 30 жылдан ашуун тракторчу болуп иштедим, кошумча наабайчылык кылып нан жаап жүргөм. Трактор айдап жүргөндө суук тийип калганбы, бутум иштебей, сыздап ооруп туруп алды. 1994-жылдан бери арабага байланып калдым. Эки бутум ооруганы аз келгенсип, азыр көзүм да начарлап, лупа менен гана көрөм. Болбосо такыр бопбоз болуп калат. Ал эми дарыланууга, көрүп жатасың, шарт жок. Врач келип дары берип кетет, анысы жардам деле бербейт. Эгер каражат болсо, дарылансам эле бутум айыгып кетмек. Барган сайын мен да алсыз болуп баратам. Эки жолу жыгылып калдым.
– Алган пенсияңыздар экөөңүздөргө жетеби?
– Башында менин майыптыгыма карата аз гана акча алчумун. Мэрге улам кайрылып отуруп, эми бир аз көбөйдү. Апам экөөбүздүкү биригип 6840 сом болот. Ал күнүмдүк тамак-аш, дары-дармектен артпайт.
– Экөөңүздөр тең сыртка чыга албасаңыздар, тамак-ашты ким алып келет?
– Кошуна-колоң дегенден Кудай ажыратпасын. Ошолор каралашып турушат. Дүкөн, базарларга чыгышса, бизге да ала келишет. Кечээ эле үйдү тазалап, жыйнап берип кетишти. Ошолорго рахмат айтамын.
– Үйдүн бардык жагы эле ачык экен, кыштан кантип чыгасыздар?
– Быйыл кантебиз, билбейм... Мурун “Кыргызнефттин” директору Каныбек деген иним жакшы жардам көрсөткөн. Ошол иним ар жылы эле отун, көмүр, акчадан көмөк кылып турат. Быйыл жаңы үй бүтүп, ошого кирип алсак деп тилеп жатам.
– Зульфия апа мурун эмне менен алек болчу?
– Өзбекстандан көчүп келгенибизге 58 жылдын жүзү болуп калыптыр. Атам жок, 1 жашымда каза тапкан. Келгенден бери апам кароолчу болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкты. Андан сырткары бизди “туура жолдо жүрүп, уурулук кылбагыла” деп тарбиялаган оор басырыктуу аял эле.
– Маегиңизге рахмат. Ылайым тилеген максаттарыңыз орундалып, ден соолукта болуңуздар!
Жашоо бизди ар кандай жолго салып, сынап коёт турбайбы. Өзү майып болсо да, арабасын сүйрөп Зульфия апанын акыркы күндөрүндө жанында болгон уулу Махамадали байкеге бали дедим. Болгону, көп жашап, жашоосунун акыркы барактары кейиштүү аяктап жаткан энеге боорум ооруду. Баса, мен кетерде байкуш эне “суу, суу” деп жиберди. Же арабада отурган уулунун сууга колу жетсечи... Чуркап барып суу ичирдим да, жолумду уладым.
Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg