ТАЙГАН ТАБИЯТЫНАН ЖҮРӨКТҮҮ КЕЛЕТ

Кыргыз баласы байыртадан мергенчилик менен тиричилик кылып келген. Мындай учурда кыргыздар курал, бүркүттүн жардамынан сырткары алгырлыгы, өткүрлүгү, күлүктүгү менен өзгөчөлөнгөн тайгандарды да пайдаланып келишкен.

ТАРЫХТА ТАЙГАНДЫН ОРДУ КАНДАЙ?
Тайган кыргыздын жан дүй­нө­сү менен жашоо шартында кандай орун алганы эпостордо, уламыштарда айтылып жүрөт. Мисалы, Байтиктин туугандары болгон Баястандын Көк добул деген тайганы кези келип турганда 9 карышкырды бир алып атагы чыккан. 19-кылымдын орто ченинде казактын Кененсарысына Бүргө баатырдын уулу Калча колго түшүп калып, куткарууга элчи келсе, "Баястандын Көк добул деген тайганын берсеңер бошотом" деп талап коёт. Элчилер макул болуп, тайганды алып келгенде Кененсары сүйүнгөнүнөн ордунан тура калып, хан таажысын Калчага кийгизип жиберген экен. Көк добулду Кененсары боз үйгө кароол койдуруп бактырган. Бирок ага карабай, ал түндүктөн чыга качып кеткен. Көрүп калган кароолдору үч ат менен кууп жетпептир.
Тайгандын тарыхын изилдеп чыккандар кыргыз жерине, азыркы Ала-Тоо аймагына мындан 2300-2400 жыл мурун келгенин далилдешкен. Анткени Кыргызстандын бардык аймактарында жайгашкан таш беттеринде, петроглифтерде тайгандын тоо текелерге аңчылык кылып жаткан көрүнүштөрү тартылып калынган.
Дүйнөлүк тарыхка кайрылсак, мындан он миң жыл мурун байыркы Арабия жана Египетте тайган иттердин тукуму пайда болгон. Байыркы перс падышачылыгынын убагында Орто Азияга тарайт. Каралжын түстүү, тыбыттуу ит тукуму – тайган болгон.
Эң алгачкы тайгандын өзгөчө­лү­гүн, дене түзүлүшүн биринчилерден болуп тарыхчы Белек Солтоноев жазып калтырган.

“БИРИНЧИ ТАЙГАНДЫ ЧЫНЫБАЙ ТУРСУНБЕКОВДУН АТАСЫНАН АЛГАМ”
Таза кандуу кыргыз тайганы – тоо-ташта чуркоо боюнча алдына эч бир жандыкты чыгарбаган күлүк ит. Кыргыз элинин маңдайына жазылган табылга катары каралган тайгандарды учурда аздектеп баккандар жок эмес. Алардын бири Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын тургуну, “Хан Тайган” ит өстүрүү бирикмесинин ээси Марс Кендирбаев 1970-жылдан бери тайган багып келет. Өткөнүн эске салган Марс:
– 7-класстын окуучусу болчумун, биринчи тайганымды азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбековдун атасы Акун атадан алгам. Кичинемден эле тайгандарга кызыгуум күч болчу, андан тукум алып, ушул күнгө чейин багып келем,- дейт.
Учурда тайганынын саны отуздан ашып калганын кубаныч менен айтып берди. Марс Кендирбаевдин айтымында, тайган эр жүрөк келет. Табиятынан карышкырга тиш салуу инстинктине ээ. Тиштеген жерин жулуп алып, олжосун коё бербей өлтүргөндөн кайра тартпаган жырткычтык жайы бар. Башка иттерди жактыра бербейт, теңине албайт. Ачуусу келсе, талап өлтүрүп коёт. Шамдагайлык, күлүктүк да тайганга мүнөздүү. Таза кандуу тайгандын денесиндеги түктөрү эчкинин тыбытына окшош. Тайгандын күчүгү өтө назик болот. Ошондуктан бир жылга чейин калориялуу сүт азыктары менен багуу зарыл. Убагында эмдеп дарылабаса, башка иттер моюн бербеген оорулардан өлүп калышы да ыктымал. Бир жашка чейин семиз багылган тайган гана карышкырга тиш сала алат. Жакшы багылбаса, тайган болуудан калат. Экинчи эреже: тайган табиятынан жүрөктүү болгондуктан, күчүгү да чоң иттерге тиш кайрай берет. Мындайга жол бербөө зарыл. Анткени чоң ит катуу тиштеп талап салса, тайгандын жүрөгү мокоп, коркок болуп калат.

АЛТЫ ЖЫЛДАН БЕРИ АЛТЫНДЫ БЕРБЕГЕН ТАЙГАНДАР
Улутубуздун өзгөчөлүгүн бийик деңгээлге жеткирүү менен кара жанын карч уруп салбуурунга катышып келген Марс Кендирбаевдин жубайы да сынактарга тайгандарын алып чыгат. Улуу Жеңиштин 67 жылдыгына карата өткөрүлгөн алгыр тайган сыноодо Назима жеңишке жеткен. “Бул сиз үчүн оорчулук жаратпайбы?” деген суроомо “көнүп калгам, анын үстүнө ушундай жигитке турмушка чыкканыма сыймыктанып, кубанам” дейт.
Назима тайгандарына күн сайын 60 литр атала жасап берип турат.
Бул үй-бүлө 2006-жылдан бери Ысык-Көлдө өткөрүлгөн иттер аралык сынактан биринчиликти бере элек. Орто Азия аралык сынактын эки жолку сыйлыгын да жеңип алышкан.
Тайгандарды жылына төл­дө­түп, 60тай күчүк алып, күчүк­тө­рүн 100 доллардан 1000 долларга чейин, чоңдорун 1000 доллардан өйдө сатышат. Башкалар жакшы тукумдагы тайгандарын 200 долларга үйүгүштүрүп кеткен учурлар да бар. Тайгандарды Кыргызстандын бардык жагынан келгендер, сырттан келгендер көп сатып алышат экен. «Келечекте тайган багуу менен аларды дүйнөгө таанытуу – менин максатым»,- деди. Учурда Марс Кендирбаев Нарын облусунун Куш мүнүшкөрлүгү боюнча да жетекчи жана машыктыруучусу болуп эмгектенет.
Кыргыз тайганынан айырмаланып, казак тайгандары суук климатка чыдай албайт. Ошол себептүү алар башта бизден тайган алып кетип өздөрүнүкү менен аргындаштырган. Учурда казактар атайын питомник ачып, мыкты тукум алууга умтулуп жатышат.

Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тайган келинчектердей таарынчаак болот
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Chromstyle
2012-08-07 03:16:48
ваууу
+1
Prelestina
2012-08-07 12:28:36
Тайган ит табууну максат кылдым буйруса. Аябай кызыгып калдым.
+1
Kagan
2012-08-07 15:06:08
Колдо бар алтынды баркына жетели Казактарга сатпай . . . онуктуролу салымыбызды кошолу.
0
kubanychmin
2012-08-10 08:19:41
молодец жакшы экен чын эле ушул сиз айткандай болсо
0
ayildik_kiz
2012-08-20 23:53:44
Кыз бала болсом да ит багууга кызыгам тайган баксам деген оюм бар албетте айылга турмушка чыксам
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан