Жергиликтүү басылмалардын бири “Нарын-Торугарт жолунан өткөн ар бир оор жүк ташуучу унаадан бажы кызматкерлери “Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков үчүн 1,5 миң сом төлөгүлө” дейт экен” деп жазып чыккан. Бирок губернатордун басма сөз катчысы Гүлчехра Садыкова бул маалыматты төгүндөп, «ойдон чыгарылган» деп билдирди.
Айта кетчү нерсе, “Торугарт” көзөмөл өткөрүү бекетинде жүк ташуучулардан 280 сом Нарын облусунун өнүктүрүү фондуна алынып турат.