МАЛЧЫЛАР МАЙРАМДАШУУДА

Нарындын Солтон-Сары жайлоосунда малчылардын күнү белгиленип, өздүк майрамга өрөөндөрдөн 300дөй малчы түшүп келишти. Бул тууралуу Нарын обладминистрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Туратбек Кулешов билдирди. “Малчылар үчүн ат оюндары, анын ичинде көк бөрү ойнотулуп, биринчиликти Миң-Булак айыл өкмөтү, экинчи орунду Кара-Кужур, үчүнчүнү Эмгек-Талаа айылынан келген команда ээледи. Аземде салбуурун салынып, кыз куумай жана эр эңиш өткөрүлдү. Андан сырткары облустук академиялык драма театр менен Нарын райондук маданият бөлүмүнүн өнөрпоздору концерт тартуулашты”,- деди Туратбек мырза.
Айтмакчы, сынактын жеңүүчү­лөрүнө губернатор Канатбек Муратбеков өз чөнтөгүнөн 50 миң сом берген. Банкеттин уландысы Ак-Сай менен Арпада өтөт деп пландалууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
men_aman
2012-08-06 23:17:40
Нарын вперед
0
kamarik
2012-08-07 16:24:40
нарын шаншыйт
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан