Марсбек Бакчиев, «Артек FM» радиосунун ди-джейи: «ЭФИРГЕ ЧЫКПАЙ КАЛСАМ КУСА БОЛОМ»

Радиодон ди-джей жигиттин кубулжуган коңур үнүн угуп, келбетин бир көргөнгө ынтызар болгон кыздар арбын. Андыктан Ысык-Көл облусуна кеңири таанымал “Артек FM” радиосунун ди-джейи Марсбек Бакчиев менен маек курдук.

– Марс, алгач өзүң тууралуу айтып өтсөң...
– Мен Жети-Өгүз районуна караштуу Аң-Өстөн айылында 1988-жылы туулуп, орто мектепти ошол жерден аяктагам. ЫМУнун филология, педагогика жана журналистика факультетин былтыр аяктагам.

– Ди-джей болуп калышыңа эмне түрткү болду?
– Радио укканда жөн эле уга бербей, ди-джейлердин каталарын тапканды жактырчумун. Ошентип жүргөн учурумда 2010-жылы радиого иштегенге мырзалар керек деп угуп, өзүмдү сынап көрүүнү чечип радиого келсем, үнүмдү жактырышып, иштеп калгам. Башында көнө албай, эфирден такалып сүйлөгөнүм менен, кийин көнүп, өзүмө керектүү жумуштарды үйрөнүп алдым. Азыр деле өз кесибим менен мугалим болуп иштөөгө кеч эмес, бирок радиого көнүп калсаң кеткиң келбейт экен. Бир-эки күн эфирге чыкпай калсам куса болуп, угармандарды сагына түшөм.

– Эфир учурунда кызыктуу окуялар көп болсо керек...
– Чынында, кызыктуу окуялар абдан көп. Бир жолу эсимде, кадимкидей эле бакылдап-шакылдап берүүнү алып барып жаткам, бирок күнүгө кезек күтүп телефон чалган угармандардын бири жок деп кой. Аңгыча эле жетекчим келип, “свет жок” деп калды. Көрсө, мен эфирди эч ким укпай эле, өзүмчө сүйлөй бериптирмин. Жетекчимден бир “куплет” тил угуп алып, үйгө кайткам. Ошондой эле кээ бир учурда сүйлөп бүткөн соң микрофонду өчүрүүнү унутуп, башка нерселерди радиодон айтып саласың.

– Массалык маалымат каражаттарынын ичинен радиону жеңил кесип деп коюшат...
– Аябай оор, кыйналасың деп айтпайм. Ошол эле учурда жеңил дагы эмес. Маанайың жок, бир нерсеге капа болуп же бир жериң ооруп турганда көңүл ачуучу программаларды алып барып көр. Мындай учурда бир топ кыйналасың. Эфирге ар кандай угармандар чалышат. Бирөөсү сага салам жолдоп, каалоо-тилек айтып, көңүлүңдү жубатса, экинчиси түз эфирде маданиятсыз сөздөрдү айтып адамды бушайман кылат. Ошондуктан ди-джей болом деген адам тапан болушу керек. Ар кандай суроого жообу даяр болуп, түрдүү кырдаалдан жеңил чыгып кетүүсү шарт.

– Сенин өңүңдү го көрүшпөйт, а үнүңдү тааныгандар болобу?
– Негизи, эфирде эле эмес, жашоодо дагы макал-лакап аралаштырып сүйлөгөн адаммын. Жаңы тааныштар сүйлөшүп отуруп калганда “радио уккандай болуп жатам” деп тамашалап калышат. Көчөдө жүргөндө, базарга соода кылганы барганда “радиодо иштебейсизби?” деген суроолорду беришет. Бардык угармандар менен жөнөкөй тилде, жакын досторчо сүйлөшкөнгө аракет кылам. Үнүңдү угуп жактырып, көргөндө ушул беле дебесе экен дейм. Бекеринен “улуулук дагы, сулуулук дагы жөнөкөйлүктө” деген сөз айтылбаган чыгар.

– Бош убагыңда эмне кыласың?
– Бош болгондо айылга барып, жылкы минип, кымыз ичкенди жактырам. Сууда сүзүү – хоббим. Ошондуктан жайкысын досторум менен көлгө көп барабыз. Быйыл орозо кармап, көлгө мурдагыдай бара албай жатам, болбосо мени азыр таппайт болчусуң (күлүп).

– Бойдоктордун санын качан бирге азайтайын деп жатасың?
– Буюрса, алдыда жакшы максаттарым бар. Алар четинен аткарылып келе жатат. Балким, күркүрөгөн күздөбү же жаздабы, үйлөнсөмбү деп ойлонуп жатам. Азырынча бойдок болгондуктан, дем алыш күндөрү кир жууп, үй жыйнап дегендей үй оокаттарын дагы жасоого туура келет. Жок дегенде жумушка барбаган күндөрү жакшы тамак жасап жегенге аракет кылам.

– Маегиңе рахмат, угармандарыңар айткандай, булбулдай болгон үнүңөр өчпөсүн.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ZemaKG
2012-08-11 16:28:53
Karakol forever. Artek fm moskvadan salam.
0
zoro21
2012-08-17 23:08:59
биринчи угушум ушундай радио барбы?как будто КРны багындырган радионун ди-джейиби бул?мен москвада..укса болобу?
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан