ТАШЫГАН ТЕЗ-ТӨР КӨЛҮ ЭЛДИ ДҮРБӨЛӨҢГӨ САЛДЫ

31-июль күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагындагы жашоочулар жана Бишкек шаарынын айрым тургундары бир сыйра дүрбөлөңгө түшүштү. Бишкектин жогорку тарабындагы Ала-Арча капчыгайындагы Тез-Төр көлүнүн суусу ташып чыккандыктан, жакын арадагы айыл тургундары коопсуз жерлерге убактылуу чыгарылышты. Ташыган көл суусу Ала-Арча дарыясына эртең мененки саат 9:30дар чамасында куюла баштап, суунун агымы секундасына 20 м3 дан 35 м3 га чейин жогорулап, мындай абал бир жарым сааттай сакталып турган.

ЗАМАТТА ЭЛЕКТР ЖАРЫГЫ ӨЧҮРҮЛҮП, КӨЧӨ ЭЭН КАЛДЫ
Көлдүн ташкындаганы тууралуу маалымат элге жеткенде кыска убакыт аралыгында Ала-Арча дарыясынын жээгинде жайгашкан Байтик, Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарынын тургундары дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүн таштап кетишкен. Мектеп менен дүкөндөр жабылып, өрт чыгып кетпесин деп электр жарыгы өчүрүлүп, көчөлөр ээн калган. Айыл тургундарынын айрымдары бийигирээк деп тоону көздөй бет алышса, айрымдары шаарга түшүшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана шаар башчысы Иса Өмүркулов “айланадагы айылдарды жана Бишкек шаарынын жарымын суу каптайт” деген кооптонууну жокко чыгарып, журналисттер менен бирге маалымат жыйынын өткөрүштү.

“5000ге ЖАКЫН АДАМ ҮЙЛӨРҮНӨ КАЙТЫП КЕЛИШТИ”
ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Болот Шаршеналиевдин айтымында, көл ташкындап жатканда абал толугу менен көзөмөлгө алынып турду. “Абал калыбына келип, дарыя туруктуулугун сактап турат. Суунун деңгээлинен көтөрүлүүсү байкалган жок. 5000ге жакын адам эвакуацияланган, баары өз үйлөрүнө кайтып келишти”,- деп билдирди Шаршеналиев журналисттер менен болгон жыйында.
Ал эми шаар башчы Иса Өмүркулов өзгөчө кырдаал үчүн техника, унаа, керектүү каражаттардын баары даяр экенин айтып, шаар тургундары ашыкча кабатыр болбоосун кошумчалады. Ошондой эле кандайдыр бир кокустук болуп кетпеш үчүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен жоокерлер да тартылган. 1-август күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак менен тоолуу аймактардагы көлдөрдү бийиктен карап, Тез-Төр көлүндөгү абал кандай экенин да көзөмөлдөп чыгышты.

Кандай болгон күндө да, табият мыйзамына каршы чыгып болобу. Өрт менен суу тилсиз жоо эмеспи. Ошондуктан да эл дүрбөлөңгө түштү. Ошол эле учурда “саманканадан саман учса, Самаркандды өрт алды” дегендей эле, “Бишкек суу астында калат экен” деген кептер заматта желдей жортту. “Сактанганды сактайм” демекчи, тиешелүү тарап суунун абалын көзөмөлдөп турат деп ишенели.

Айдай Асанбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Көпчүлүктү дүрбөлөңгө салган сел
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан