– Уйкудан көзүм илинип кеткен экен, мени чөнтөк телефонумдун кыска шыңгыры ойготту. “Туулган күнүң менен, жарыгым!..” Ушундай үч ооз кеп билдирүү, адаттагыдай, дал түнкү саат 12де. Ушул сенин немистигиң да жанымды кашайтып жиберет. Уйкумду бузганыңа жиндене, бир чети унутпай, болгондо да элден мурун, дал 12де куттуктаганыңа жеңилдене дем тартып жаздыкка баш койдум. Эми уктамак кайдан? Өмүрүм, кубаныч-кайгыларым, тарткан ызам көз алдыма тартылып, алкымды муунта келип көз жашка айланды. Жети жыл болуптур. Жыл сайын туулган күнүмдө куттуктап ыйлатасың. Жыл сайын туулган күнүмдө “сенден сөзсүз өч алам, мына көрөсүң, мени жоготуп алганыңа бармак тиштеп өкүнө турган болосуң!” деп өзүмө сөз берем.
Анда мен өтө эле баёо элем. Мен жакшы болсом, айланадагы адамдар да жакшы болот, мен жакшылык кылсам, адамдар да жакшылык кылат деген ойдогу, турмуштун ачуусун тата элек бакыраң көз элем. Ошол күндөрдө сага жолуктум. Таанышкан эле күнү сенин торуңа түшкөнүмдү, андан эмне айла кылсам да кутулбасымды сездим. Ошону сезип, артымды карабай качтым. Ооба, кадимкидей эле качып кеттим. Курбум Мээримдин туулган күнүнө чогулганбыз. Сен бир досторуң менен кошо келиптирсиң. Салат жасашып ашканада жүргөм. Бака-шака болуп эле ошол жакка кирип келдиң. Мага карап күлүп, белимден имере тартып, бетимди аарчып калдың. Кашайгырдыкы, дагы баягы адатымды карматып бетиме майонез сүртүп алган экенмин. Ашканага кирип, тамак баштасам эле бетиме бир нерсе сүйкөп алам, канча абайласам да болбойт, деги эле болбойт.
– Жөн эле айтып койсоң болбойбу? "Наглый" адамдарды жаман көрөм.
Булкуна колуңдан чыгып кеттим.
– Ээй, биринчи рахмат деп коюп, анан урушсаң боло, бетиңди тазалап бербедимби, башка балдар көрө электе. Менин атым Аман.
Күлүмсүрөп колуң сунуп туруп калдың. Абалым өзүмө күлкүлүү туюлуп, “бырс” күлүп жибердим. Сен кошо каткырдың. Токтоно албай көпкө күлдүк. Өтө шар, чечкиндүү адам экенсиң. Эки сааттын ичинде эле мени менен эзелки тааныштай боло түштүң. Атүгүл бир нече жылдап жигитим болгондой мага кожоюндук кыла баштадың. Өтө эле жылдыздуу экенсиң, туруштук бере албай, алсырап, сага жеңилип бараттым. Дос-курбулар арасында “недотрога” атагым бар, оңой менен бирөөгө ийиле бербеген жан элем, сенин алдыңда алсыздыгымдан чочулап, эч бирине түшүндүрүп айтып отурбай кечеден кетип калдым. Тимеле азыр бирөө билектен алып кетирбей койчудай шашып, качып кеттим. Сен байкабай калдың. Чын эле кетирмек эмессиң.
Сени сүйбөй коюш мүмкүн эмес эле. Сендей адамдардын жүргөн жери майрам. Сендей адамдар кайгыны да, коркунучту да, алдына туура келген ажалды деле ууртунда жылмаюу менен тосот. Сендей адамдар депрессия, өзүнө ишенбей күмөн саноо, санааркоо деген эмне экенин билишпейт. Сендей адамдар беттегенин бербейт, жетем дегенине жетет, алам дегенин алат. Бир жаман жери... Сендей адамдар бир жерге токтоно албайт, бирөөгө биротоло байлана албайт. Ошол илгертен келе жаткан мыйзамды бузуп, сени токтотом, өзүмө байлап алам дегем. Кайдан?
Экөөбүздүн сүйүүбүзгө алгач ишенишпеди, анан таң калышты. Сени жакшы билген досторуң “кезектеги оюнчукпу?” дегендей кабыл алышты. Ачык эле айтып да жатышты. А менин кезектеги оюнчук болгум келбеди. Сени сүйүп, жүрөгүм өрттөнүп жатса да баш чайкадым. Кучагыңа боюмду таштагым келген маалда шарт бурулуп басып кетип жүрдүм. Жеңилүүнү билбеген жаның мен жок деген сайын артымдан түшүп кууп алдың, оюндун кызыгына берилип кеттиң. “Жигиттер кыздарды сүйүп ката кылат, аларды сүйдүрүү керек” деген принцибиңди буздуң. Мени сүйүп калдың. Анан экөөбүздүн мамилебиз акындар жазып, ырчылар ырга салган улуу махабат дастанына айланды. Досторубуз кубанды, таң калышты, кызыгышты, суктанышты, көз артышты. Мына, мына эми чыныгы бийиктикке жетебиз, бирге болобуз, үйлөнөбүз деп ойлоно баштаганымда турдуң да басып кеттиң. Кыйратып түшүндүрбөдүң. “Мен үй-бүлө куруу үчүн жаралган адам эмесмин... Оставим не законченный роман, в парке на скамье” деп кыңылдай ырдап басып кеттиң. Канчалык кыйынчылыкка, каршылыктарга даяр болсом да, сенден мындай соккуну күткөн эмесмин. Көнүмүш турмушуңду, атаңды, энеңди да таштап алып Орусияга кете бердиң. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай, дендароо болуп эле кала берипмин, үч-төрт күндөн кийин эсиме келип, анан ыйладым. Ыйлай берип көз жашым да кургады. Ошондо өзүмө сөз бергем. “Мыкты бир жигитке турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлө курам. Өмүрдө эң негизгиси, эң маанилүүсү үй-бүлө экенин далилдейм. Бактылуу экенимди сага көрсөтөм. Мени жоготуп алганыңа өкүнөсүң” дегем.
Андан бери жети жыл өттү. Чын эле турмушка чыктым. Мени сүйгөн, сыйлаган, үй-бүлөнү негизги орунга койгон, барктаган адамга. Уул-кыздуу болдум. Үй-бүлө очогуңда аманчылык, бардарчылык, ырыскы-ынтымак болсун деп тилешет эмеспи. Менде ошонун баары бар, демек, бактылуумун. Бирок... Сен биротоло жоголуп кеткен жоксуң. Дайыма туулган күнүмдө куттуктайсың. Унутпайсың. Эч кимге ордуңду бербейсиң, дагы деле. Дайыма түнкү саат 12ни какканда куттуктайсың. Чалбайсың. Жөн гана үч ооз кеп жазасың. Үнүңдү уккум келет, өзүңдү көргүм келет. Кандайсың, кайдасың, кандай болуп өзгөрдүң?.. Мен бактылуумун, үй-бүлө күткөн, балалуу болгон адам гана чыныгы бакыт эмне экенин түшүнөт. Демек, мен жеңдимби? Сенден өч алып бүттүмбү деги?
Айдай
lira@super.kg