(Башы өткөн сандарыбызда)
Бүгүн акыркы анализдердин жыйынтыгы чыгып, дарыгерлер оорунун диагнозун так коюп, баарын ачык айтышмак. Жаннат ичинен толкундануу менен дарыгердин сөзүнөн үмүт кыла палатада күтүп отурду. Аңгыча дарыгер да кирип келди. Кабагы бүркөлүп тургандай, колунда толтура кагаздары бар. Бурчта турган отургучту алып келип Жаннаттын жанынан орун алды. Бул учурда Жаныбек күтүүдөн тажадыбы же жаман кабар угуудан корктубу, айтор, жарым саат мурун сыртка чыгып кеткен болчу.
– Жолдошуңуз кайда?
– “Сыртка чыгып келем” деди эле.
– Таң калычтуу, неге мындай учурда сыртка чыгып кетет, сиздин жаныңызда болуунун ордуна? Телефону бардыр, тезинен чакырыңыз.
– Азыр. Мына чалып жатам.
Жаныбек келгенче дарыгер эч бир үн катпай отуруп алды. Тек гана көз айнегинин үстүнөн кагаздарга үңүлөт. Жаннаттын бүт денесин майда калтырак басып, муздак тер чыгат. “Эмне болду, анализдерим оң жыйынтык бербедиби?” деп сураганга оозун камдап барып кайра токтойт. Жыйынтыкты угуудан коркуп турду. Жаныбек алысыраак басып кеткен экен, он мүнөттө араң келди. Жаннат үчүн бул он мүнөт он жылдык убакыттай сезилди.
– Ии, келдиңизби? Сиз кызык адам экенсиз. Мындай учурда аялыңызды жалгыз таштап кеткениңизге жол болсун.
– Чынын айтсам, мен да коркуп турам,- деди Жаныбек күнөөсүн мойнуна алган баладай башын шылкыйта.
– Анда келиңиз, отуруңуз. Байкасам, Жаннат дагы жанатан коркуп, калтырап турат. Менин колумдагы бул кагаздар силерге кубанычтуу кабар айтып жатат. Жаннат, эмчегиңизде шишик бар, бирок бул өмүрүңүзгө кооптуу эмес экендиги далилденди. Кыскасы, сиз токсон жашка чыгып той бересиз. Болгону, тезинен операция кылышыбыз керек. Бирок, бирок... Бир эмчегиңизди толугу менен алып салууга аргасызбыз. Макул десеңиз, эртеңки операцияга камдана бериңиз.
– Макулмун. Кубанычтуу кабарыңыз үчүн рахмат,- дегенден башка Жаннат эч бир үн ката албай шолоктоп ыйлап турду. Бул көз жаш кубанычтын көз жашы эле. Ал тургай Жаныбек да жашып кетти. Экөө бири-бирин кыса кучактап көпкө турушту. Дарыгер жылмая караган бойдон чыгып кетти.
– Куттуктайм, жаным, мен сага айтпадым беле. Экөөбүз жетелешип карылыктын доорун сүрөбүз. Самат менен Айжамалдын жакшылыктарына чогуу күбө болобуз. Эми мен сени эч качан таарынтпайм, экинчи көңүлүңдү оорутпайм деп убадамды берем. Кетирген каталарым үчүн дагы бир ирет кечирим сурайм.
– Баарын унутабыз, Жаныбек. Жаңы турмуш баштайбыз. Чынын айтсам, бүгүн дагы бир ирет төрөлгөндөй болуп турам. Мен үчүн бүгүндөн башталган жашоом башка өмүр, башка турмуш. Сага да бүгүн гана жолуктум, мурда эмне болгонун мен билбейм. Жетим болуп чоңойгонумду да, кыйын турмуш башымдан өткөнүн да, катуу ооруга чалдыгып, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жүргөн күндөрүмдү да бүгүн сызып салдым. Экинчи ал күндөрдү эске салбайм.
– Туура кыласың. Бүгүндөн башталган жашообуз башкача бактылуу жашоо болот.
xхх
Арадан күндөр өттү. Жаннат операциядан кийин он күн өтпөй үйүнө кайтып келген. Алгачкы күндөрү дарыгерлерге тез-тезден каттап турганы менен, азыр баары унутта калды. Анын бар болгон жумушу – балдары. Алардын жанында болуп, ар бир кыймылын көрүп турганы үчүн Кудайга ыраазы. Балдары да апасыз өткөн күндөрүн унутуп калышкандай.
Жаныбек өз иштери менен алек. Бир ирет Жаннатты кечки тамактанууга өзү жакшы көргөн кафеге чакырып, ал жерден курсактуу бир кишинин мойнуна асыла кучактап отурган Алинаны көргөн. Ичинен тиги кишини аяган бойдон эч бир үн катпады. Болгону, Алинага мурдагыдай суктануу менен эмес, жийиркенүү, иренжүү менен көз жүгүртүп койду.
Кадимки күндөрдүн бири эле. Жаныбек да жумушунан жаңы гана келген. Аңгыча сырттан Айжамал чуркап кирди.
– Апа, апа-а, Улан байкемдер келишти. Карачы Айназиктин көйнөгүн. Жеңем кипкичинекей көйнөк кийгизип коюптур.
– А-ий, Айназик супсулуу кыз болгон го, ээ? Кана, келчи мага. Киргиле үйгө.
Айназик – Улан менен Тумардын кызы. Там-туң басып, көргөн көзгө кубаныч тартуулап турган кези. Самат менен Айжамал Айназикти тегеректеп, “мен жетелейм” деп талашып ары жакта жүрүшөт. Жаныбек, Жаннат, Улан, Тумар тапчанда ынтымактуу чай ичип отурушту. Бир кезде Жаннаттын Тумарга калтырган аманаты аткарылбады. Бирок ал аманат азыр эч кимдин эсинде жоктой...
(Аягы)
Айнура Болот кызы