Өзүн ырчы, актриса жана режиссёр катары сынап жүргөн шоу-бизнестин дагы бир өкүлү Айгерим Расул кызын маекке чакырдык. Көптөн бери сахнада көрүнбөй калган маектешим бул ирет ачылып сүйлөп берди.
– Айгерим, бир кезде атың чыгып, жаштар “дискотека түнкү Бишкекте” деп ырдап калышты эле. Акыркы кезде андай хит ыр укпай калдык...
– Азыр кино тартуу менен алек болуп жүрөм. Ырчылыкты таштаган жокмун. Тескерисинче, мени акыркы убакта тойлорго көп чакырып жатышат. Ошко кино тартканы бардык эле, күнүнө 2-3 тойго чакырылып жатып, акырында операторум “кино тартканы келдикпи же сени тойлорго ырдатканы келдикпи?” деп уруша баштады.
– Ошко барганыңдан пайдаланып, биротоло алып калалы дегендер да четтен чыкса керек?
– Андайлар бар. Бирок мага азырынча эрте. Көп нерсе жасашым керек. Мен эркектей ойлоном да. Ата-энеме жардам берип, бутума тургандан кийин гана турмуш курам.
– Анда болочок жолдошуң бутка туруу керек деп ойлонбой деле койсо болот экен да?
– Жо-ок, ойлонушу керек. Ал да аракетчил, тапкыч, иштерман болушу зарыл.
– Күйөрмандарыңдын кылык-жоруктарын ата-энең жакшы эле түшүнүшөбү?
– Негизи, күйөрмандардын көбү менин жаныма басып келүүгө духу жетпейби, коркобу же тоготпой коёт дейби, айтор, менден алыс өтүшөт. Жаныма келгендер бар. Бирок алар да тартынып араң сүйлөшөт.
– Кино тартып жатасың, актрисалыкка, ырчылыкка да аралаштың. Кандай кыялдарың бар?
– Эң башкысы, бактылуу болсом дейм. Анан кинолорумду тартып алышым керек. Мен тарткан кинону бир адам көрүп жылмайып койсо, ата-энем мен кылган иштер менен сыймыктанса, сүйүүмө жетсем, ошол бакыт. Атымды эмес, өзүмдү чындап сүйсө, ошол да бакыт.
– Атың үчүн сүйгөндөр көп болгон го?
– Кээде өзүмдү же атымды сүйүп жатканын түшүнбөй деле калам. Адамдардын мени тааныбай туруп мен жөнүндө сөз чыгаргандары жакпайт. Сыртымдан көрүп, көптөр бой көтөргөн кыз деп ойлошот. Ким мага кандай мамиле жасаса, мен да ошондой мамиле кылам. Жөнөкөй болсо, мен да жөнөкөймүн. Мага кыйын болгондорго мен андан он эсе кыйын болом.
– Керек кезде “Айгерим, Айгерим” деп, иши бүткөндө артты карап басып кеткен адамдарга жолуккансыңбы?
– Жаңы чыгып жатканда ишенчээк болчумун. Баарын өзүмдөй көрүп, мени бирөө жамандайт деп такыр ойлочу эмесмин. Азыр артымдан сүйлөгөндөргө капа болбойм. Жөн гана ал адам кандай экенин билип калам. Бирок кайра эле ошол адамдын жакшы жагын издей берем.
– "Айгеримди ала качып кетиптир" дегенди угуп калдык эле...
– Негизи, менин дарегиме ушактар көп айтылат. Деги эле ушактар ханышасы болуп кеттим. "Айгерим арабга тийиптир, Расул андан мынча калың алыптыр" деген сыяктуу сөздөр чыга берет.
– Андайларга көнүп калсаң керек?
– Ооба, көнүп калдым. Эки Айгерим жашайт да. Бирөө өзүм, бирөө элдин айткан сөздөрүндөгү Айгерим.
– Сени ачык кийинет деп да көп сындашат...
– Мен кийген кийимди башка ырчы кыздар деле кийип жатышат. Чындыгында, менин боюм, бутум узун. Ошондуктан мен кийген кийимдер көрктүүрөөк көрүнөт. Бул мактаныч эмес, болгонун айтып жатам. Шоу-бизнесте кийимде чек жок. Бир гана турсий, лифчикчен чыкпасаң болду. Башкалар ошону менен деле чыгып жатышпайбы. Мен көп болсо кыска юбка, чыгыш костюмун кием. Негедир башкалар кийсе көрбөйт да, мени эле көрө беришет. Кыргыз улуттук кийимдерин деле көп кием. Аны эч ким сөз кылбайт. Ар бир адамдын өз ою бар. Менин да өз оюм бар. Кийимдеримдин баары өзүмө жагат.
– Көрө алышпайт деп ойлойсуңбу?
– Көрө албайт деп айтпайм. Бирок мага көп асылышат. Эл шоу-бизнестеги кыздардын кимиси кайсы чоңдор менен жүрүп, машина, үй алдырып жатканын да билет. Бирок негедир жаш болсом да өзүм эмгектенип, ата-энеме жардам берип, түз жүргөн мени эле жамандай беришет. Эгерде ушунчалык эле кимдин ким экенин билгилери келишсе, кыргыз шоу-бизнесиндеги кыздарды чогултуп гинекологиялык экспертиза өткөрөлү. Мен андай нерсеге даярмын, макулмун. Биринчилерден болуп катышам. Ким катышпайм десе, ошондо гана кимдин ким экенин биле аласыздар деп ойлойм.
– Шоу-бизнесте атаандаштарың барбы?
– Мен антип ойлобойм. Бирок мен “Шоу-бизнес сулуусу” наамын жеңип алганда атаандаштык бар экенин байкадым. Баары чогулуп турган жакка барып калсам, мени деп калышты. Сүйлөйүн деп жатсам, кыздардын баары эшикке чыгып кетишти. "Ушундай да болот экен да" деп таң калдым. Эгер башка бирөө жеңип алса, мен ошол кызды куттуктап жанында турмакмын. Мени менен курбу болуп жүргөндөр да унчукпай коюшту. Ушунчалык ичи тардык, көрө албастык бар экенин ошондо көрдүм.
– Сени "Расул Маматкуловдун кызы эмес" дегендерге жообуң кандай?
– Бир жолу Казакстандан “сен менин кызымсың” деп бир олигарх келген. Анын Айгерим деген кызы кичинекей кезинде жоголуп кетиптир. Анан дисктерден мени көрүп калып, интернеттен издеп, сураштырып мени таап келип, “алып кетем” деген. Ишенген жокмун. Мен билем да, кимдин кызы экенимди. Мен Расул Маматкуловдун кызымын.
– Өзүңдү сулуумун деп ойлойсуңбу?
– Сулуумун. Көпчүлүк “ички дүйнөсү сулуу болуш керек, сырткы сулуулук маанилүү эмес” дей беришет го. Аларга азыр ким ишенет? Түрү суук бирөө менен ким сүйлөшөт? Азыр жашоо ушундай. Ичи чирип калса да, сырткы турпаты сулуу болгон адамдарды карашат.
– Сөздү спорт тарапка бургум келип жатат. Спортчу мырзалар жагабы?
– Ар бир мырза спортчу болушу керек. Ал эми аялзаты тактадан айырмасы жок болбой, ийилчээк болуу үчүн бийди үйрөнүп алышы керек. Баягыда айылга барганда бир эженин уй саап отурганын көрүп калып, мен да саап көрөйүн дедим. Эртеси колдорум ооруп калыптыр. Ал да спорт экен да. Анан да “эже, сүрөткө тартып коюңузчу” десем, “эл сени менен сүрөткө түшүп жатса, сен уй менен сүрөткө түшөсүңбү?” деп күлдү.
– Кел, кичинекей кездеги сүйүү окуяларыңдан эстейли да, маегибиздин аягына чыгалы...
– Мектепте эркек балдарга окшоп жүрчүмүн. Бир жолу 14-февралда бирөө мага кат жазыптыр. Мен аны сабап салгам. Кийинки жылы 14-февралда мага эч ким кат жазбай калган. Ушул убакка чейин сүйүп көрө элекмин. Бирок сүйүүгө аябай ишенем. Келечекте чоң сүйүүгө кабылгым келет.
Перизат Музуратбекова
star@super.kg