«ЫСЫК-КӨЛ-2012» ФЕСТИВАЛЫ

Көпчүлүк көрүүгө ашыгып күткөн «Ысык-Көл-2012» эл аралык фестивалы жайдын жагымдуу кечтеринде, 26-27-28-июлда кереметтүү көл жээгинде болуп өттү. Кайсы бактылуу өнөрпоз байгеге коюлган Хонда үлгүсүндөгү автоунаага ээ болот, акчалай сыйлыктарга ким татыктуу болот, чыдамсыздык менен күтүп жаттык. Акыры жеңүүчүлөр аныкталды. Фестиваль жогорку деңгээлде өтүп, татыктуулар түркүн сыйлыктарга ээ болушту.

ФЕСТИВАЛЬ ТУУРАЛУУ
Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан ат майданында эл жыкжыйма. Айрымдар фестивалдын катышуучуларын колдоо үчүн келсе, кээ бири жагымдуу музыкага суусап бул жерде. Шатыраган кол чабуулар жаңырып, көпчүлүк күткөн кече башталды. Фестиваль чоң масштабдуу болгону менен, баш аламандык орун алган жок. Бардыгы өз орду, өз убагы менен өткөнү кубандырды.
Адегенде эле «Шаттык» бий ансамбли кеченин көшөгөсүн ачты. Аны улай Гүлнур Сатылганова «Ысык-Көл» деген ырын ырдап, көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзүнө бурду. Алып баруучулук милдетти бир эмес, 6 адам аркалады. Нурзат Токтосунова, Шайырбек Арапов, Назира Айтбекова кыргыз тилинде алып барса, Эрмек Нурбаев, Галина Горноженко жана Нурсултан Майназаров орус тилинде, кези келгенде тажик, якут тилинде дагы сүйлөп элди таң калтырышты. Анан дагы сахнанын оң тарабында өз ээлерин күтүп эки автоунаа турду.
Фестивалга бул жылы Кыргызстан, Казакстан, Якутия, Орусия жана Түштүк Кореядан мыкты ырчы-чоорчулар келип, жалпы катышуучулардын саны 22ге жетти. Алардын 11и фольклор боюнча болсо, калган 11и эстрада жаатындагылар. Бизге баарынан кызыгы, Якутиядан келген катышуучунун номери болду. Оозу жана көмөкөйү менен ар кандай добуштарды чыгарып, кээде ышкырып да жиберип жатты. Көрүүчүлөрдүн бири таң калуу менен караса, дагы бири суктанып, дагы бири коркконунан ыйлап жаткан баласын сооротуу менен алек. Казак боордоштор бий жагынан алдына киши салчудай эмес, сынакка келген үч катышуучу тең так секире бийлеген бийи менен эсте калды. Албетте, комузун колго алып, жан дили менен үн созуп турган жердештерибизге "бали" дебешке мүмкүн эмес.

КАРА КЫЛДЫ КАК ЖАРГАН КАЛЫСТАР ТОБУ
Калыстарды КРнын Эл артисти Түгөлбай Казаков жетектеп, төрагалыкты өз мойнуна алды. Андан тышкары КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев, КРнын Эл артисттери Анарбек Ибраев, Самара Токтакунова, Саламат Садыкова, Гүлнур Сатылганова, Керим Турапов. Тажикстан Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бахтиёр Ибрагимов, Казакстан Республикасынын Эл артисти Нагима Ескалиева ошондой эле КТРКнын башкы мүдүрүнүн орун басары Кайрат Иманалиев менен КРнын Эл акыны Анатай Өмүрканов да калыстардын катарын толукташты. Калыстык кылган эл артисттер өздөрү дагы ыр белек тартуулашты.

ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР

Таймаш абдан кызуу жүрүп, акыры эки күн тынбай ат салышкан катышуучулардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. Мыкты даярдыгы, башкалардан айырмаланган таланты менен баш байгеге коюлган 2 темир күлүккө эстрада жанры боюнча Курал Чокоев ээ болсо, фольклор жаатында жаш комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу ээ болду. Жеңүүчүлөр өз кубанычтары менен бөлүшө кетишти.

Курал Чокоев: «МАШИНА АЙДАГАНДЫ БИЛБЕЙМ, ЭМИ ҮЙРӨНӨМ»
– Буга чейин сынактарда баш байгелерге ээ болуп эле келгем, бирок мындай белекти биринчи жолу алышым. Эмгектин аркасында жеңиш бар экен, минтип унаалуу да болуп калдык. Негизи, мен машина айдаганды билбейм. Бирок эми сөзсүз үйрөнөм. Буюрса, бул унаам айдаганга такыр жарабай калса дагы сатпайм.

Закирбек Дүйшөнбек уулу: «СЫНАКТАР КӨП ӨТКӨРҮЛСӨ, ЖАШТАРГА СТИМУЛ БОЛОТ»
– Кубанганымдан эч нерсе айта албай толкунданып жатам. Өзүм намаз окугандыктан, фестиваль болгонго чейин Кудайдан суранып, дуба кылып жаттым. Мындай сынактар көп өткөрүлүп турса, жаштарга стимул болот деп ойлойм. Бардык уюштуруучуларга рахмат.

Баш байгеден кийинки сыйлыктын ээлери Якутиядан келген Юлиана Кривошапкина менен казакстандык Сандугаш Садубакасова 1-орунду алып, 80 миң сом байгеге ээ болушту. Экинчи орунду багындырган фольклор жанрынан Азамат Отунчиев менен Назбек Кенчибаев, эстрада жаатында Айбек Бакытбеков менен Адилет Азимбек уулу 60 миң, 3-орундун ээлери фольклор жанрынан Асылбек Насирдинов менен Нурбек Серкебаев, эстрада жанрынан Шахзада Стамалиева менен түштүк кореялык Ли Ган Сок 40 миң сомдон алып кетишти. Андан тышкары 5 миң сом өлчөмүндө 7 катышуучуга сыйлык берилди.

МААРАКЕДЕН КИЙИН
Жеңүүчүлөр бирин-бири куттукташып, кубанычка батып турса, айрымынын билгизбегени менен, баш байгени алдырып ийгенине ичи ачышып тургандай. Алып баруучулар оор жүктөн кутулганына кубана шаңдуу музыка чыга калса бийлеп жатышты. Ырдап бүткөн ырчылардан кол тамга алгысы келгендер андан, алар менен сүрөткө түшкүсү келгендер мындан көп. Кээси жылмайып аларга макул болсо, керсейип четке каккандары дагы бар. Акырында Динара Акулова, Токтобек Асаналиев, «Кыз-Бурак» тобу, Ырыскелди Осмонкулов, Адил Чекилов, Актан Исабаев, Гүлнара Тойгонбаева, Айчүрөк Иманалиева, Арсен, Анжелика жана башка ырчылардын коштоосунда жагымдуу концерт тартууланды.

БАШ БАЙГЕДЕН КУРУ КАЛГАН КАТЫШУУЧУЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Эмил Балтагулов:
«КАЛЫСТАР ТОБУНА НААРАЗЫЧЫЛЫК ЖОК»
– Фестиваль жогорку деңгээлде болду. Чынында, быйыл катышуучулар мыкты даярдык менен келишиптир. Калыстар тобуна нааразычылык жок, себеби алар – улуу инсандар. Мында жеңбесек, башкасында сыйлыкка ээ болорбуз. Такыр куру калбастан, 5 миң сом алдым.

Гүлнур Асанова:
«КЫРГЫЗБЫЗ ДА, КЫРГЫЗЧЫЛЫК БОЛУП КЕТТИ»
– Мен бул фестивалга келатканда эле билгем, Закирдин жеңерин. Кыргызбыз, кыргызчылык болот да. Негизи, уюштуруу жагына нааразычылык жок. Баары жакшы. Бирок, менимче туура эмес болгону, фольклор жаатына комузчуларды кошуп койгону болду. Эстрадага деле чоорчу, гитаристтерди кошпогон сыяктуу эле чыныгы ырчылардын таймашы болуш керек болчу. Закир татыктуу жигит, бирок андан башка да татыктуулар бар болчу.

Айзат Анарбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Ысык-Көл - 2012" фестивалынын жыйынтыгы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
77777
2012-08-07 17:59:05
gulnur, nookattagy festivalda dele sen algan jeniw dele kyrgyzchylyk mn bolgon. tatyktuu ele alywty.
0
Nazbiike
2012-08-08 00:31:59
Фестивалдын видеосун кошуп койунуздарчы сурыныч супер инфо
0
n73
2012-08-08 10:50:08
Гульнур Асанова мурун эле женбедин беле кичине калыстык керек да кечкеле сен ута бермек белен
0
landysh
2012-08-09 17:40:47
men kubany4tamyn Zakirbek Asylbek Nurbek kuttuktaim silerdi tatyktuusunar urraa urraaa
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан