ОТУ ӨЧПӨГӨН КОЛОМТО

АТА ЖАНА АКТӨШ
– Рахмат, жакшы калыңыздар...
– Өзүң да соо бол, айланайын,- деп бата берип калды, артында отурган ак саамай байбиче. Айылдын жытынан кере дем алган келин буулуккан көкүрөгү бошоно түшкөнүн сезди. “Көзүмө көрүнбө, сендей кызым жок, эл караган бетимди жер караттың!” деген атасынын кабак алдынан каар төгүлө тиктеп турган көзүн эстеди. Ийри-буйру кетип чаң баскан жол... Саамайынан жыттап окууга жөнөткөн апасын, атка өңөрүп аш-тойлордон калтырбаган атасын эстеди. Кезинде “Карыптын сулуу кызы” дешчү, атынан айтпай... Оо, анда эртеңкисин ойлобогон, сүйүүгө кумар көкүрөгү бир гана таза ойлорго толгон керемет курак эле. Сыры күбүлүп калган көк дарбазага келип, эми колу көтөрүлүп барып кайра түштү. Анткени кетменин колуна көтөргөн атасы дал маңдайында турган эле.
– Ата-а...- деди эки ийини солкулдай, көзү жашылдана.
– Ии, сен кайдан?
– Мен келдим, ата! Сага келдим, жалгыз калганыңды угуп, жүрөгүм эч түтпөдү. Чыдай албай койдум.
– Мен үчүн эле келсең, кайра кете бер!- деди күңкүлдөгөн атасы бурула берип. Келин өксүп жиберди.
– Атыңдан айланайын, атаке, кубалай көрбө?! Сенден башка таянар тоом, айланар казыгым калбай калды. Тагдырым менен кырчылдаша кармаштым, жеңилип бердим. Апамдын арбагын сыйласаң, мени кайрадан кууй көрбө?!
Денеси солкулдай, сакалынан жаш тама ыйлап жаткан Карып:
– Кечирдим, кызым! Атүгүл күтүп да жүргөм! Эси жок агаң жыттап отурган неберелеримден ажыратып, келиндин сөзүнө кирип, даяр турган үйдөн качып төмөнкү айылга көчүп кетти. Калдым мен, Актөш менен сырдашып! Апаң байкуш болгондо...- деп жиберди.
Алтынай келгени каралбай калган үйдүн сыртын актап, сырдап, чарбактарды тазалап, атасы экөө бир топ иш бүтүрүштү.

“МЕН СЕНИ ДАГЫ ДЕЛЕ КҮТҮП ЖҮРӨМ”
Күүгүм кирип калган убакта дарбаза акырын тыкылдады. От жагып жаткан Алтынай кулак түрүп калды.
– Алтын!
Чыдамы кеттиби, эшикти күч менен ачып, кең далылуу кара тору жигит кирип келди.
– Кандайсың, Нурдин?
– Жакшы. Келип калыпсың.
– Келдим.
Нурдиндин үмүт кылган, боор тарткан добушу дилин күйгүзүп жиберди. “Оо, шордуум, дагы деле сүйүүң өчпөгөнбү?”- деп алды ичинен.
Жүзүн ала кача отту каламыш болуп бир топ турду. Ортолорундагы үнсүз жымжырттыкты Нурдиндин жөтөлгөнү бузду.
– Алтын, көрүшпөгөнүбүзгө 10 жыл болду. Мен сени ар бир күнү ойлочу элем.
– Аялыңдын жанында жатып алыппы?- деди Алтынай тамашалай.
– Кайдан, мен алигиче үйлөнө элекмин. Сендейди таппай койдум. А балким, издегим деле келбегендир. Сени күтүп жүрдүм.
– Ал убак өттү да, кетти. Шаарга барсам эле башкача болуп калат, унутам деп ойлогом. Бирок өтмүшүңдөн качсаң, кайра сени кубалап туруп алат экен.
– Мен дагы ошол окуяга күнөөлүүмүн, мококтук кылдым. Сенин тиги акмактан боюңда бар экенин билгенден кийин сенден өзүм, өз каалоом менен баш тарткам. Айыл-айылы менен сени сөз кылып жатканда “жок, ал андай эмес, Алтынайды алдап кетти. Ал силер ойлогондой кыз эмес” деп айта албадым. Көр намысты ойлоп, сени жетелеп кете албадым.
– Мага азыр сенин аянычың да, жардамың да керек эмес.
– Мураттын акмак экенин неге түшүнбөдүң?! Эмнеге андай арсыз акмак менен байланыштың?!
Алтынай эми чыдай албады. Колунан майлыгы түшүп, өксүп ыйлап жиберди.
– Кетчи, Кудай жалгагыр, кетип калчы?!- деди.
Нурдиндин айтканында чындык бар эле. Алтынай Муратты жан адамга теңебей сүйдү. Ошол күнү классташ кызынын туулган күнүнө барып, Мураттын жанында отурганына бактылуу болгон кыз анын суранычы менен ичимдиктен да ууртап- татып отурду. Кече бүтүп, үйлөрүнө тараган окуучулардан бөлүнүп, Мурат экөө жалгыз аяк жолго түшүп кетишти. Кол кармаша чуркап отуруп айылдын жогору жагына да чыгып кетишкен. Жүгүрүп келип көк чөпкө жыгылышкан алар бир топко чейин энтиге дем алып жатышты.
– Мурат!
– Оу...
– Мен сени сүйөм!
Кыздын бакытка мелт-калт толуп турган каректерине мыскылдуу тигилген Мураттын оюна эмне келип жатканын кыз аңдаган жок.
– Сүйүүңдү далилдей аласыңбы?- деди тиги коюуланып бараткан көздөрүнөн көзүн албай.
– Кантип?
– Моминтип...- деп кыздын албырган эриндерине жабышкан Мурат моюнунан, жүзүнөн аймалай баштады.
– Жок, токтой турчу, мен эмне кылып жатам? Атам, апам...- деген кыздын үнүнө кулак салбады.
– Баары жакшы болот, окууңду бүтөрүң менен эле үйлөнөбүз да, шаарга кетебиз,- деди энтиге.
– Чын элеби?
– Чын.
Шалдырай махабатка мас болгон кыз тагдырына ушинтип бел байлаган. Кош бойлуу болуп калганда гана Мураттын чыныгы жүзүн билди.
“Мен Алтынайга жалгыз барган эмесмин. Ошол жерде жүргөн беш бала тең аны менен болгонбуз, өз каалоосу боюнча. Мен баланын атасымын деп айта албайм”,- деди Мурат боздоп-сыздап кыздын жүзүн карабай. Чындык бир гана Алтынайдын жүрөгүндө калды. Эки колу менен оозун жаба көкүрөгүндөгү тыбырчылап, чыңырып турган чындыкты эч кимге айта албады. Ал тургай ата-энесине да “андай болгон эмес” деп айтпады. Үнсүз, үмүтсүз туруп берди. 11-классты бүтпөй жатып ушундай окуяга туш болгон Алтынайдын боюндагы баланы алдыртышты. Уятына чыдабай жыл айланбай апасы каза болду. Казанын арты сууй электе көздөрүнөн каар чачыраткан атасынын “апаңды сен өлтүрдүң! Эл караган бетимди жер караттың” деген сөзү менен 10 жыл туугандары менен байланышпай борбордо жүрдү. Акыры атасынын жалгыз калганын угуп, айылга келген эле. Ушуларды эстеген ал көпкө ыйлады. Чарчап, башын көтөргөн Алтынай маңдайында турган Нурдинди көрүп муңайым жылмайып алды.
– Сен дагы деле кете элексиңби?
– Кетпейм.
– Канаты сынган жаралуу куштай болгон менден эмне күтүп...
– Сен ыйык жансың. Сени жөн гана булгашты. Ошол окуядан 5 жыл өткөн соң Мурат жол кырсыгына кабылып калды. Ооруканада жатып, мени чакырып алып болгон чындыкты айтып берген. Ошондо эле сени издеп тапкым келген.
Алтынай коломтонун отун тиктеп отура берди. Бир кезде көңүлү ачыла шайыр сүйлөдү:
– Эсиңдеби, нандын кызарып бышканын тиктеп отура берчүбүз, апам кууса да болбой?..
– Эсимде, сен чачыңды эки өрүп алчусуң. А мен ошондо "Алтынай чоңойгондо мага укмуштай колукту болот..." деп ойлочумун. Чачыңдан сылагым келчү...
– Атамдын коломтосунун отун өчүргүм келбейт. Апам бардагыдай жылуу, жайлуу болсо дейм, балдарыма ысык нан жасап, апам сыяктуу бөлүп берсем дейм. Мен дагы деле жашагым келет, Нурдин...
– Мен, кааласаң, силердикине келип жашайм. Атамдыкында иним бар. Карып аба макул болсо...
Оттун табы менен кошо Нурдиндин сөздөрү анын жүрөгүн жылытып жатты. Ушундан жарым жыл өтпөй экөө Карып аксакалдын батасы менен үйлөнөрүн, коломтонун отун өчүрбөй уулдуу, кыздуу болорун билишкен жок. Оттун табы алардын оор өтмүшүн, кайгысын алыстарга кубалап жатты...

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aidai88
2012-08-06 19:11:31
atasy menen joluguwkanda kozdorumdon jawym kuiulup ketti, myndai tagdyr e4 kimdin bawyna tuwposun. . .
0
men_aman
2012-08-06 22:27:33
Садыкка олум андайлар жашабаш керек!!!!!!
0
moskva
2012-08-07 11:53:33
Жомокко ...
0
Aygul
2012-11-01 09:14:44
moskva,
турмушта жомоктогудай болуп кетет да. Жаштардын арасындагы отуруштарды жок кылыш керек. Ушуга окшогон окуя коп болот....
0
Janym91
2012-08-07 16:48:54
Окунучттуу экен!
0
nelli
2012-08-08 04:03:55
жашоодо нелер гана болбойт...
0
eka555
2012-08-08 12:01:38
секлек аеоо жаш кыздарга боорум ооруйт, трмуштун ачуусун эрте татышкандарына.
0
eka555
2012-08-08 12:03:03
секелек, аеоо жаш кыздарга боорум ооруйт, турмуштун ачуусун эрте татышкандарына.
0
landysh
2012-08-23 23:15:42
jakwy buttu negizi
0
gul1006
2012-08-24 00:56:51
эх жашооо.................
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан