Лондон. 2012-жыл, 27-июль. 30-Олимпиада оюндарынын ачылышы.
Англия тарыхын чагылдырган “Кереметтер аралы”
деген аталыштагы шоу. Бул күн тарыхта калат.
Лондондо 4 жыл бою күтүлгөн Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине күбө болдук. Фантастикалык ачылышына үй ээлери 42 миллион доллардан аз эмес каражат сарпташканы айтылууда. Ал эми мелдешке келсек, серепчилер алдын ала болжогондой, Кытай менен АКШ алдыда баратат. 3-күндүн жыйынтыгы боюнча лидерлик саптагы бул эки өлкө медалдардын санын 23кө жеткирди. Ал эми мелдештин ачылышы Казакстан болууда. Боордоштор азыр 3 таза алтын менен тизмеде 6-орунда келишүүдө.
3 күндө биздин 4 спортчубуз 4 түрдүү спорт түрүнөн күч сынашып, тилекке каршы, байгелүү орундарга илинишкен жок. Оор атлетчи Бекзат Осмоналиев 16-орунга илинсе, таамай атуу боюнча финалдык бөлүккө чыга албай калган Руслан Исмаилов 21-орунду ээледи. Жел кайык спорту боюнча Илья Игнатьев 49-орунду, сууда сүзүү боюнча Дмитрий Александров 32-орунду ээлешти. Гезитибиз шаршемби күнү басмага кеткендиктен, калган жыйынтыктарды кийинки сандарда беребиз. Айла жок, балбандарыбыз күрөшчү күндү күтөбүз...
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg