«ЭЛЕТТЕ КҮРӨШ, БИШКЕКТЕ ФУТБОЛ» же КЫРГЫЗСТАНДА БАШКЫ СПОРТ ТҮРҮ КАЙСЫ?

"Бүгүнкү күндө өлкөдө башкы спорт түрү кайсы?" деген суроонун тегерегинде ой толгоп, сереп салдык. Тектүү эл болгондон кийин бизде тарыхы терең, унутулбай келе жаткан улуттук оюндар биринчи орунда экенине көзүбүз жетти.

№1 КҮРӨШ
Күрөш – кыргыздын ажырагыс мурасы, улуттук сыймыгы. Жаш-кары чогула калганда, той-тамашада көк майсаң, килем үстүндө күрөшө койчу адатыбыз азыр да кала элек. Күрөштүн арты менен Кожомкул сыяктуу балбандар ушул күнгө чейин даңазаланып келет. Грек-рим жана эркин күрөштөн тышкары расмий эмес түрлөрү көп. Мисалы, түштүк жеринде алыш, лейлек, бел боо күрөштөрү өзгөчө тараса, жалпы өлкө боюнча улуттук күрөштүн орду чоң. Мамлекет каржылай албай калганда күрөш сүйгөн жеке ишкерлер акча сунуп, балбандарга тирек боло коюшат. "Лондон-2012де" күрөштөн медаль күтүлүп жатканы да бул спорт түрүнүн биздин каныбызга сиңгенинен улам...

№2 КӨК БӨРҮ ЖАНА АТ ОЮНДАРЫ
Татаалдыгы, кооптуулугу менен айырмаланган көк бөрү жана жалпы эле ат оюндарын №2-спорт түрү дедик. Улактын же серкенин баш-шыйрагын кесип, ичеги-карынын алып, 3, 5 же 7 кишиден бөлүнүп ойнолгон улуттук оюнубуз укмуштуудай өнүгө баштады. Быйыл КРнын Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдында Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору ачылып, көк бөрү жана ат чабыш боюнча мелдештерди өткөрүү жүктөлгөн. Бул спорт түрлөрүнүн сезону Нооруз майрамы менен ачылып, жыл бою майрамдарда ойнолуп чыгат.
Көк бөрү боюнча өлкөдө эң беделдүү 3 мелдеш бар: Ноорузга карата уюшулган мелдеш, Эгемендүүлүк күнүнө карата уюшулуучу КРнын Президентинин Кубогу жана күзүндө өтүүчү Өлкө чемпиондугу. Бул майрамдар ошондой эле кунан чабыш, жорго салыш, аламан байге жана ат чабыш менен коштолот. Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору быйыл көк бөрү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүүнү пландап жатат. Айта кетсек, Камбар ата тукумун аздектеген ат оюндарынын негизги күйөрмандары көбүнчө орто жана улуу муундун өкүлдөрү.

№3 ЭРЕЖЕСИЗ ЭР УРУШ
Зал толо келген эл, ач айкырык, куу сүрөөн, нокауттар, тер аралаш аккан кан... Буларды совет кишилери сыналгыдан да көрүшчү эмес. Анткени эрежесиз эр урушка Союз кезинде тыюу салынып, бизге эгемендүүлүк менен кошо келген. Азыр мындай чыңалуудагы мелдештер көз алдыбызда өтүүдө. Тарыхы кыска, бирок ордун тапкан эрежесиз эр уруш азыр бразилиялык версиясы вале тудо жана панкратион менен мактана алат. Күн санап мушкер боксун, балбан күрөшүн жыйыштырып, 8 бурчтуу рингге аттанууда. Сумке көтөрүп, дал ушул спорт түрү боюнча машыгуу үчүн залга багыт алган жаштардын да саны арбын.

№4 ФУТБОЛ
Соңку жылдары ата мекендик футболду көп жектегенибиз менен, өлкөдө акырындык менен ордун таап баратканын тана албайбыз. Кыргызстандык, ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаровдун Африкадагы мундиалга барып келүүсү бизде футболду бир топ жарнамалап койгондой болду. Интернет, гезит-журналдар менен иши бар жарандарыбыз улуттук курама командабыздын оюндарын көрүп, жыйынтыгын окуганга өтүштү. Аз да болсо Улуттук Лигага кызыккандар бар. Ал эми футболду өнүгүү жолуна салган кичи футбол майдандары болду десек да болот. Күн санап кичи майдандардын саны өлкөдө, өзгөчө Бишкекте артып барат.

АТАКТУУЛАРДЫН ОЮ КАНДАЙ?

Кубан Атабеков, спорттук баяндамачы:
– Менин оюмча, шаар жеринде кичи футбол №1-болсо, элет жеринде көк бөрү, күрөш. Жалпы республика боюнча күрөштү №1-спорт түрү деп ойлойм.

Камчыбек Ташиев, «Ата Журт» партиясынан ЖКнын депутаты:
– Менимче, бокс. Бокс боюнча эл аралык аренада алдыңкы орунду ээлеп келгенбиз. Негизи, бизде жеке спорт түрлөрү өнүгүп, футбол, баскетбол сыяктуу командалык спорт түрлөрү артта калган.

Аскар Салымбеков: «Дордой» ассоциациясынын президенти:
– Талашсыз түрдө күрөш. Мамлекет тарабынан да олуттуу көңүл бурулуп, балдарды өстүрүшүбүз керек.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан