КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

МАЙЫП КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАН МОЛДО
Үстүбүздөгү жылдын 17-июлунда чак түштө Панфилов РИИБине Панфилов айылынын Тилебалиев көчөсүндөгү бир үйдө зордуктоо болгондугу тууралуу арыз түшкөн. Кылмышка шектелип ошол эле айылдын 1964-жылы туулган Калыбай Маматбеков аттуу тургуну колго түшүрүлдү. Чүй ИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, үй ээсинин үйдө жок экенин билген Калыбай Маматбеков электрик катары кирип, үй ээсинин кичинекей уулун көчөгө жөнөтүп жиберип, 1978-жылы туулган З.Ш. аттуу
II топтогу майып кызды зордуктаган.
Калыбай Маматбеков 3 жылдан бери сүннөт кийимдерин кийип, 5 убак намаз окуп жүрчү экен. Кудай деген адамдын бул кылмышка барганы уккан адамдарды ичиркентип, “кантип мындай жийиркеничтүү жолго барды экен?” деп жаткан чактары. Бул факт боюнча Панфилов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

БОРБОР КАЛААБЫЗ БИР ЧӨНТӨКЧҮГӨ АЗАЙДЫ
Бишкек ШИИБинин оперкызматкерлери чөнтөкчүнү кылмыш үстүндө кармашты. Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, рейд учурунда 26 жаштагы чөнтөкчү колго түшүрүлгөн. Ал чөнтөкчү маршруттук таксиде бараткан 29 жаштагы шаар тургунунун сумкасынан паспортун жана акчаларын уурдаган. Экинчи курмандыгы 51 жаштагы шаар тургуну болгон. Анын “Нокиа” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаган. Маалыматтарга караганда, ал 2 ирет уурулук кылганын мойнуна алган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

КЕМПИРДИ КАРАКТАП КЕТИШКЕН
Москва районунда эмгек ардагеринин үйүн тоноп кетишкен. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 19-июлда милицияга үйүнө терезе аркылуу бет капчан эки белгисиз адам кирип, бычак такап коркутуп, буюмдарын тоноп кеткендигин айтып, Беловодск айылынын 76 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жакында милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Беловодск жана Ак-Суу айылдарынын тургундарын колго түшүрүштү. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫ АЗАЙБАДЫ
27-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда ири жол кырсыгы катталды. ӨКМнын маалымат кызматынын билдиришинче, саат 22:45те Бишкек-Торугарт унаа жолунун 255-чакырымында (Долон ашуусу) Фольксваген Венто жана Ауди-100 автоунаалары сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Фольксвагендин айдоочусу Үмөтов каза болуп, 8 киши жабыр тарткан.
28-июлда да Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда КамАЗ менен Хонда-СРВ автоунаалары кагышкан. Жол кырсыгынан Хонданын жүргүнчүсү, 35 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Асел Маматова каза болуп, айдоочусу Гүлзат Чулдуева, анын 2 жүргүнчүсү (баары Каракол шаарынын тургундары) жана 25 жаштагы КамАЗдын айдоочусу (Кочкор районунун тургуну) ар кандай жараат алып, шаардык ооруканага жеткирилишкен. Сүзүшүүдөн Хонданын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү автоунаада кыпчылып калышкан. Алар куткаруучулар тарабынан куткарылып, “Тез жардамдын” дарыгерлерине өткөрүлүп берилген.

 Кыстарылган видео 
Майып кызды зордуктаган молдо
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
zirek.kyz
2012-08-06 16:04:13
Ээх,эмне дейбиз,эн биринчи журокто ыйман жашасынчы.
0
kg-bala87
2012-08-07 00:47:13
ех молдокеге еми не дейбиз
0
ruslan.t.a
2012-08-07 02:05:02
Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дейген соз бар
0
ajulya
2012-08-07 11:39:25
Акмак! сакалын орттонгур! бети жок бетпак!
0
KG.aiba
2012-08-08 00:00:13
Olup ketetko akmak uwu kantip bolsun moldobuz uwintip atsa bawkasy ne kylat!
0
bobi
2012-08-09 11:13:28
Кой терисин жамынган карышкыр болуптур да.Таш баранга алуу керек "молдокени".
0
omo93
2012-08-11 16:08:48
эх молдоке ушунчалыка бардынбы
0
Kantemir
2012-08-11 23:42:52
Адалсынган молдонун уйунон беш чочконун башы чыгыптыр. Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба дегендей. Бечара кыз жаман болуптур. Молдого наалат!
0
guard
2013-03-07 03:04:48
Исламды жаманатты кылган ушундайлар да
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан