КЕЧИРИМДҮҮЛҮК – КҮЧТҮҮЛӨРДҮН САПАТЫ

 

  • Алсыз адам эч качан кечире албайт, кечиримдүүлүк – күчтүүлөрдүн сапаты.
  • Дүйнө ар бир адамдын керектөөсүн канааттандыруу үчүн жетишерлик кеңири, ал эми адамзаттын ач көздүгүн канааттандырууга өтө эле тардык кылат.

(Махатма Ганди)

  • Адамдын денеси 30-35 жаш чамасында толукшуган маалга жетет. Жан дүйнө 49дун кырына барып толукшуйт.

(Аристотель)

  • Эч качан мынчалык калп айтышпайт: согуш кезиндегидей, аң уулоодон кийинкидей жана шайлоо алдындагыдай.
  • Эгер чиновниктер мыкты болсо, начар мыйзамдар менен да өлкөнү башкарса болот. Эгер чиновниктер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт.

(Отто фон Бисмарк)

  • Эмнеге балдар атасын эмес, аталар балдарын көбүрөөк жакшы көрүшөт? Анткени балдар – аталардын жаратканы. Баары өзү жараткан нерсеге кечиримдүү, кең пейил болушат.
  • Эмгектенүү көңүл ачуудай зеригерлик эмес.

(Шарль Бодлер)

  • Түшүндүрүү көпчүлүк учурда актануу болуп чыгат.

(Бертольд Брехт)

  • Биз чет элдик саясатты чет элдиктердин колу менен жүргүзөбүз.

(Жорж Буш, кичүүсү)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Jildizka
2012-08-06 16:35:02
Эч качан мынчалык калп айтышпайт: согуш кезиндегидей, аң уулоодон кийинкидей жана шайлоо алдындагыдай.
Эгер чиновниктер мыкты болсо, начар мыйзамдар менен да өлкөнү башкарса болот. Эгер чиновниктер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт.

Эн туура айтылган.
0
nur1
2012-08-06 17:32:13
Эч качан мынчалык калп айтышпайт: согуш кезиндегидей, аң уулоодон кийинкидей жана шайлоо алдындагыдай.
Эгер чиновниктер мыкты болсо, начар мыйзамдар менен да өлкөнү башкарса болот. Эгер чиновниктер начар болсо, эң мыкты мыйзамдар да жардам бербейт
Биздин кок мээлерге айтылган
+2
Angel_Guma
2012-08-11 08:24:42
''эгер чиновниктер мыкты б-о,начар мыйзамдар м-н да олкону башкарса б-т,эгер чиновниктер начар б-о,эн мыкты мыйзамдар да жардам бербейт'' эн туура айтылган! Ушуну окуган чиновниктер эмне деген жооп беришээр экен?! Уялышаар бекен? Негизи ''Уят олумдон да катуу''демекчи же биздин чиновниктерге баары бир болуп калганбы?
0
Maha-91
2012-08-11 09:39:43
эн туура айтылган биздин устубуздо олтургандарга окутуп коюш керек экен.
0
aidai88
2012-08-12 17:50:42
''alsyz adam e4 ka4an ke4ire albait. Ke4irumduu ku4tuulordun gana sapaty''-ddgen,soz menin jurogumo kanjar urdu,antkeni duinodogu en alsyz men okwoimun.Konulumo tiygen adamga kairadan suiloi albaimyn.
0
Otradnoe94
2012-08-17 20:05:50
Аллах таалам мээримдуу ж.а ар дайым кечире билгендерден. Туура жазылган макала экен!
+1
Papinadochka
2012-09-29 23:15:00
Чиновниктердин бети бетон ортосу арматура болуп калган
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан