СССР кезинде Кыргызстанды 25 жыл башкарган Турдакун Усубалиевди кимдер гана тааныбайт. “Атактуунун баласы” аттуу рубрикабызга буга чейин учурдагы саясатчылардын балдары конок болуп келишсе, эми кыргыз аттуунун баары билген Турдакун Усубалиевдин небересин чакыралы деп чечтик. Бүгүн бизде мейманда Эрмек Усубалиев. Бул мырза жан сакчылар жана мамлекеттик резиденциялар менен коштолгон балалыгын эле эскерип тим болбостон, өлкөсүнүн активдүү жараны катары бир катар көйгөйлүү маселелер тууралуу сөз кылды.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
1974-жылы 9-июлда Фрунзеде төрөлгөн.
Турдакун Усубалиевдин баласы Сыргак Усубалиевдин уулу.
Юридикалык жогорку билимге ээ.
Учурда жеке бизнеси менен алек.
Үй-бүлөлүү.
“КАПАСТА КАЛГАН КУШКА ОКШОП...”
Балалык десе тээ алыста чаң ызгытып ойноп жүргөн бактылуу көз ирмемдер эске келет. Ата-энебиздин тилин албай, топуракка боз ала чаң болуп көпчүлүгүбүз эле ойносок керек. Каарманыбыз Эрмек мырзанын балалыгы деле кадимки балдардыкына окшош.
– Совет учурунда “бул чоңдун баласы”, “тиги мунун баласы” деген түшүнүк жок эле. "Усубалиевдер" деген гана фамилиябыз болбосо, күнүбүз кадимки эле адамдаркына окшош болчу. Өз ата-энемдин колунда, Фрунзе шаарында өстүм. Чоң атам жашаган мамлекеттик резиденцияга барып турар элек. Ал кезде кичинекеймин, резиденция деген эмне, анын мааниси эмне экенин билбейм, аны “дача” деп айтчумун.
Негедир көпчүлүк адамдар “Турдакун Усубалиевдин небереси болсо, жыргап-куунап, кичинекей чагы өзүнчө бир бейиште өтсө керек” деп ойлошот. Биз, тескерисинче, чоң атам жашаган “дачадан” каччубуз. Элестетсеңиз, төрт тарабы дубал, айланаңда сени менен ойной турган бала жок. Өзүңдү капаста калган куштай сезесиң. Анын үстүнө 10 жашка чыгып калган бала болсоң, кадимки балдардай ойногуң келет. Короого чыгып ойноюн десең, “муну кылба, тигини кылба” деп тыйып турушат. Ошон үчүн “дачага” баргым келчү эмес. Биз туугандарыбыз менен шаар ичинде батирлердин биринде жашап күн өткөрүп калдык. Дем алыш күндөрү чоң атамдыкына барсак деле эртең менен тамагын ичип, биз тургуча жумуштап кетип калат. Кечке чейин ойноп, кээде ал келерде уктап калып, аны көрбөй калган күндөрүбүз болгон.
“КОСМОНАВТ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНЧУМУН”
– Жаш бала аруу кыялдары менен өзүнчө бир дүйнөдө жашайт эмеспи. Мен да ошондой бир башкача дүйнөдө жашап, космонавт болгум келчү. Космонавт болом деген кыялым эң узак жашады окшойт. Чоң атам Мамлекеттик катчы болуп турган маалда Кыргыз ССРине чет жактан көп космонавттар конокко келишер эле. Чоң атам жашаган резиденцияга барганда космонавттарга жолугуп калчумун. Алардын сүйлөшкөнүн, кыймыл-аракетин, деги бардык тарабын көрүп отуруп, “чоңойгондо мен да ушулардай космонавт болом” дээр элем. Тилекке каршы, ал кыялым орундалбай, юрист болуп чыга келдим.
Ошол балалык мезгилдеги бир окуяны эстесем, дайыма күлкүм келет. Бир жолу башка "чоңдордун" балдары болуп чогулуп алып резиденцияда от жагып, ар бирибиз үйүбүздөн бирден картошка алып келмей болдук. Арабызда бир бала бар эле, “обжора” дечүбүз. Дайыма картошка болобу же мындай эле тамак болобу, чоңун алып алчу. Баарыбыз картошка алып келип отко кактап бышырып баштаганда балдардын бирөө картошкага окшогон ташты отко ыргытып ийиптир. Тиги “обжора” балабыз картошка экен деп ташты катуу тиштеп алып баарыбызды күлдүргөн.
“ФРУНЗЕ ӨЗГӨЧӨ АРХИТЕКТУРАСЫ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ”
– Чоң атам бош убактысын бизге арнаганга аракет кылчу. Кээде биз менен ойноп, сейилдеп, кызыктуу нерселерди айтып бергенге убакыт тапса, кадимкидей жүзүнөн жылмаюуну байкаар элек. Ал эмгек өргүүсүн алганда көпчүлүк учурда Ысык-Көлгө барып эс алып келчүбүз. Ал эми калган күндөрү Фрунзенин балмуздактарын тамшана жеп, кинотеатрларга барып, фонтандарды айлана чуркап ойноп өткөргөн күндөр артта калды. Фрунзе ушунусу менен эсимде.
Ал мезгилде адамдар да башкача эле. Шаардын архитектурасы да өзүнчө бир таасир калтырып турчу. Азыр борбор калаабыз – Бишкекти көрүп зээним кейийт. Баары баш аламан. Мыйзамсыз турак жайлар курулуп жатат. Бир күнү ал канча адамдарга зыян алып келет?! Эмнегедир бийликтегилер майда-барат маселелерге көңүл бурбагандай. Алар иштеп жатабыз дегени менен, адамдардын жашоосу жакшы же жаман болуп деле өзгөрүп кеткен жок. Ушуларды көрүп отуруп, четте карап тура албасымды түшүндүм. Саясий күчтөрдүн ичинен “Ата Мекен” партиясына токтолдум. Менимче, бул партия менен биргеликте баш калаабыздын далай көйгөйүн чече алабыз. Кандайдыр бир кичинекей иш жасасам да, төрөлүп-өскөн борбор калаама салым кошкум келет.
Айдай Асанбекова
politika@super.kg