ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-августтан 12-августка) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Жашоо образын өзгөртүүгө аракет кылар кез келди. Аптада бирөөлөргө "мындай же тигиндей эмерек же кийим жакшы" деп кеңеш берүүдөн качыңыз. Сатып алынган буюм ойдогудай чыкпай, сиз күнөөлүү болуп каласыз. Ишкерлерге бир топ сунуштар түшөт, карап көрүп, ылайыктуусун тандоо кажет. Бейшембиде чакырылбаган конок үйүңүзгө баш багат. Апта акырында табият койнунда эс алып, энергия топтосоңуз, эмки аптада баары ойдогудай болот.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Дүйшөмбү жана бейшембиде же бир нерсени жоготуу же бирөөдөн көңүл калуу күтүлөт. Шейшембиде сизди оңой алдап коюулары мүмкүн. Акчанын кайтарымын санап алыңыз. Бейшембиде тааныштар аркылуу кошумча киреше булагын табууңуз мүмкүн. Жума күнү туугандар болуп бир маселени талкууга алууңуздар ыктымал. Аптанын акыры жагымдуу жолугушууну убада кылат. Мурдагы үзүлгөн мамилелер калыбына келет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптада буга чейинки эмгегиңиздин акыбети кайтып, карьераңызда жылыш болот. Жеке жашооңузга келсек, жан биргеңиздин жагымсыз кылыгынан улам чыр чыгышы мүмкүн. Апта башында бирөөлөргө убада бербей туруңуз. Ишиңиз көп болуп, аткара албай уят болуу коркунучу бар. Апта акырында дары ванна кабыл алып же досуңуз менен сырдашып жеңилдеңиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптадагы девизиңиз “жакшылап уктоо, таза абада болуу, туура диета кармоо” болуусу кажет. Ошондо көп иштерди бүтүрүп, өзүңүздү да жакшы сезесиз. Жеке жашоодо мамилелердин өнүгүшүн көзөмөлгө алыңыз. Сүйүү имаратынын ар бир кышынын туура коюлуусун камсыз кылсаңыз гана жашооңуз ойдогудай болорун эске түйүңүз. Ошондой эле аптада арзан, жакшы буюм алууга жетишип, акчаңыз үнөмдөлөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта сиз үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Жаңы тааныштар, жаңы олжолор сиздики болмокчу. Эскертүүчү нерсе, убактылуу алдамчы сезимдерге берилбеңиз. Акчаны туура колдонуп, бир жакка барып эс алууга да жеткирүү кажет.
Бейшембиде чөйрөдөгүлөрдүн таасирине берилип кетпей, өз көз карашыңызды сактап калыңыз. Жекшембиде шашылыш түрдө кыска сапарга чыгууңуз күтүлүүдө.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жеке мамилелерде баарын өз колуңузга алып, жаңы деңгээлге чыгарууга аракет кылыңыз. Мүмкүн, романтикалык саякатка чыгасыздар. Дүйшөмбүдө тамактын сапатына көңүл бөлбөсөңүз, ойдо жок жерден ооруга чалдыгууңуз ыктымал. Шейшембиде планыңыз ишке ашпаса, кайгырбай кол шилтеңиз да, башкасына киришиңиз. Жума күнү активдүү иш-чара бир топ энергияңызды алат. Ишембиде кечкисин жалгыз жүрбөөңүздү жылдыздар эскертет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жеке бизнесин ачкандарга жылдыздар өзү жол көрсөтүп, акырындык менен турак жай же башка нерсе сатып алууларына көмөк берет. Жеке жашоодо интригалардын чыгышына өзүңүз жол ачып бербеңиз. Ошондой эле организмди тазалап, ден соолукту калыпка келтирүүгө киришкен оң. Шаршемби – соодадан жолдуу күн.
Жума күнү унутулган достор өздөрү тууралуу кабар беришет.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сизге көз арткандарды өз маселелери менен калтырып, жакшы кийинүүгө, каалагандай эс алууга киришиңиз. Жеке жашооңуз ишеничтүү жана сүйүүгө жык толгон абалда болот. Башкалардын түйшүгүн моюнуңузга артпаңыз. Ар ким өз ишин бүтүрсүн. Жекшембиде белек көтөрүп, кечеге барууңуз мүмкүн. Организмге күч келтирбөө үчүн майлуу жана ачуу тамактардан баш тарткан оң.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада сиз үчүн бардык жаңы нерселер кооптуу. Андыктан жаңы мамиле, жаңы долбоорлор сиз үчүн эмес. Жашооңуздун агымын сырттан байкап, кантип өзгөртүү киргизүү керек экенин ойлонуңуз. Иште да ар нерсеге кызыгып, бөөдө бирөөлөргө жек көрүндү болбоңуз. Жума күнү эски таанышыңыздын бири бир кездеги жакшылыгыңыз үчүн сый көрсөтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жетишерлик акча табуу үчүн жаңы идея, жаңы ыкмалар менен иштөө кажет. Талапты башкаларга эле эмес, өзүңүзгө катуу коюп, демилгелүү болсоңуз, сыйлыкка да татый аласыз. Кээ бирөөлөр жаңылыштык менен өзүн баалабаган адамдар менен мамиле түзүүгө аракеттенишет. Жума күнү чыгармачыл адамдардын чөйрөсүндө болууңуз көп нерселерге көзүңүздү ачат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Материалдык абалыңыз бир катар оор кырдаалга карабастан, туруктуу болот. Жалгыз бойлор өз бактысы үчүн күрөшпөсө, убактыларын өткөрүп жиберише тургандыктарын унутпоолору зарыл. Дүйшөмбүдө кыймылсыз мүлк маселеси көп убактыңызды алат. Жума күнү бирге иштешкендериңиз сиз тууралуу ушак кылуулары мүмкүн. Жекшембиде чарба иштерине аралашасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кесибиңизге байланыштуу жагымсыз жагдайлар акча каражатынын азайышын шарттайт. Тааныштар арасында жакшы жактарыңызды көрсөтүүгө аракеттенип, сизге болгон күмөн ойлорун жокко чыгарууга киришиңиз. Шаршембиде туугандар арасында болууга туура келет. Ишембиде жакын досуңуз кемчиликтериңизди түзөөгө акыл кошот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан