Үстүбүздөгү жылдын май айында “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагы болуп өттү. Сынакта Диана Овганова аттуу 18 жаштагы кыз жеңүүчү деп табылган. Ал “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына катышууга жолдомо алып, өлкөбүздүн намысын Кытай жергесинде коргоого аттанмак эле. Бирок улуттук көйнөктүн айынан 18-августта боло турган “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына бара албай, арманда калды.
БИЙЛЕГЕНДИ ЖАКТЫРГАН ДИАНА
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 22-май
Улуту – Кыргыз
Боюнун узундугу – 178 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 87-60-92
Хоббиси – Бийлөө
Жакшы көргөн гүлү – Орхидея
Жакшы көргөн тамагы – Лагман
– Диана, маегибизди эң актуалдуу маселеден баштасак. “Кыргызстан сулуусу-2012” наамын алган селки “Дүйнө сулуусу” сынагына барбай калганын уктук...
– Ооба. Тилекке каршы, ошондой болду.
– Себеби эмнеде?
– Чынын айтсам, себептери абдан көп. Алардын эң башкысы демөөрчү таппаганым болду окшойт. Акырына чейин чуркадык, апам да колунан келген жардамын көрсөтүп жатты. Бирок мына самолёт учат дегенге чейин дүйнөлүк сынакка кийип чыкчу улуттук көйнөк таппай койдук. Сынактын шарты боюнча, ар бир өлкө өзүнүн улуттук кийимин даңазалаш керек болчу. “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагында кийип чыккан кыргыз көйнөктү ижарага сурасак, күнүнө 1000 сомдон төлөш керек экен. А мен Кытайда бир ай жүрүшүм керек эле. Бизде кайдагы 31 миң сом? Апам өзүнүн машинасын сатып, жол киремди, алып бара турган сувенир белектеримди, калган кийим-кечектеримди алып берген. Кыскасы, акчабыз жетпеди. Көйнөгүм жок, сынакка барбай калдым, алып койгон билетим да күйүп кетти.
– Жардам сурап мамлекетке, эл-журтка кайрылдыңбы?
– Ооба, бийге даярданып жүрүп, Айсулуу Токомбаеванын бийин издеп КТРКнын архивине баргам. Ал жерден Рабиха Алыбаева деген эжеге жолугуп калып, шартымды айтсам, “Ала-Тоо” программасынан элге кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Андан тышкары кай жактарга гана барган жокмун. Акыры кетер күнүм жакындап, айла таппай турганда ыйлап Ак үйдүн 6-кабатына чейин бардым. “Чет элге барып суктанарлык ийгилик жаратып келген бийчи Атай деле бир кезде сага окшоп ыйлап келген. Бирок жолун өзү тапты” деп узатып коюшту. Акыры айлам кеткенде "барбаганым деле оң болду, окуумдун контрагы 53 миң сом болсо..." деп өзүмдү сооротуп койдум.
– Бүтүндөй Кыргызстандан бир да демөөрчү чыкпаганы таң каларлык экен...
– Бирөө да чыкпады десем калп болуп калат. “Мадина” ЖЧКсы бир аз жардам кылды. Анан дизайнер Олег Беда сынакка кийип чыга турган 8 костюм тигип берген.
– Кебибизди “Кыргызстан сулуусу-2012” сынагы тууралуу уласак. Кантип катышып калдың?
– Бир күнү эле интернетте отурсам, “сынакка катыш” деген сунуш менен анкета келди. Эч нерсе оюмда жок эле анкетаны толтуруп койдум. Андан көп өтпөй, кастингге чакырышты. Ошентип, финалга чыккан 10 кыздын катарына кошулдум. Сынак өттү, наамдар тапшырылып жатат. 2-орун да, 1-орун да берилди. Гран-При деген менин эсимден таптакыр чыгып кетиптир, ичимден “мен баарынан эң артта калып, мага наам да берилбейт экен да” деп турам. Бир маалда эле “Кыргызстан сулуусу-2012” – Диана Овганова” деп жатпайбы. Турган жеримден ыйлап жибердим. Аябай сүйүндүм. “Дүйнө сулуусу-2012” сынагына болгон чакырууну колума алганда ушунчалык кубангам. Бирок арты мындай болорун билген эмесмин.
– Буга чейин да сулуулар сынагына катышып турчу белең?
– Жо-ок, тартына берчүмүн. “Жеңишти албай калсам эмне болот?” деген ой мени мындай сынактардан оолак кармачу.
– Бирок подиумга чыгуу кыялдарың бар беле?
– Кичине кезимден эле модель болууну кыялданчумун. Сыналгыдан көргөндө “качан мен ушул кыздардай болуп подиумга чыгам?” деп суктанчумун.
– Моделдик жаатта да өзүңдү сынап көрдүңбү?
– Дизайнерлер Асан, Үсөн Бердибаевдердин жана Олег Беданын көргөзмөлөрүндө подиумга чыгып жүрөм.
– Сулуу болуунун өзүнүн жоопкерчиликтери бар болсо керек. Кайда барба, элдин көңүл борборунда дегендей...
– Албетте, кыйынчылыктары бар. Кичинерээк кезимде көчөдөн балдар карап калса, ичимден “оо, мени карап жатышат” деп мактана басып калчумун. Азыр көңүл деле бурбайм. Бирок сулуулар сынагынан баш байгени алгандан бери кыздарга үлгү болуп жүрүүнү өзүмө талап кылып алдым.
– Сулуулукту сактоо үчүн кандай аракеттерди кыласың?
– Чынын айтсам, көп деле боёнбойм. Анан элге окшоп фигура сактайм деп диета да кармабайм. Табиятымдан эле ушундаймын.
– Жакшы экен. Өзүң тууралуу да айта кетсең...
– Мен 1994-жылы 22-майда Бишкек шаарында төрөлгөм. Атам мен 1-классымда эле каза болуп калган. Иним экөөбүздү апам жалгыз өзү чоңойтту. Быйыл мектепти аяктап, КРСУнун стоматология факультетине тапшырдым. Келечекке пландар көп. “Дүйнө сулуусу” наамын багынтсам деген тилегим бар.
– Тилектериң ишке ашсын. Маегиңе рахмат.
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg