ЖЫЛАНДЫН ЭТИ ТАБЫЛГЫС ДАРЫБЫ?

Эски таанышыма жолукканымда ал кытай кафесине жылан этин заказ бергени баратканын айтып калды. Көрсө, ал муун оорусунан жыландын эти менен дарыланууну чечиптир. Ушундан улам биз да жылан элдик медицинада кандайча колдонулат, кытай кафеси аны кандайча даярдап бышырат деп изилдей баштадык.

"СИЛЕРДИН КӨЗҮҢӨРЧӨ СОЮП, БЫШЫРЫП БЕРЕБИЗ"
Сураштырып, жыландан жасалган тамакты Бишкектеги “Цин Хао Лау” кытай кафеси жашырбай, ачык-айкын даярдаарын билдик. Алар маекке да, жыланды союп, бышырып көрсөтүп берүүгө да макулдугун беришти.
Айтылган убакта кафеге келдик. Аңгыча администратор “2 жылан апкелишти. Ишке кирише берели” деди. Ошентип, тамак даярдалуучу бөлмөгө баш бактык. Котормочу бизге ашпоз деп тааныштырган Ян Шин Хай 2 бөлөк баклажкага салынган кара чаар, ичке жыландарды бизге көрсөттү жана алар уусуз экенин түшүндүрдү. Муну айтып бүтөр менен 1 баклажканын оозун ачып, көмкөрүп, жыланды башынан салаңдатып кармай калбаспы. Ичке, узундугу 40-45 сантиметр келген жылан соймоңдойт.
Союу процесси. Биз ашпоз жыландын башын кесип өлтүрүп, анан соёт го деп ойлонгуча болбой ал жыланды жыгачка чаап-чаап (эсин оодарып) алды. Анан моюнунун терисин тегерете кесип алып, дал ошол жеринен жыландын терисин тирүүлөй сыйрууга өттү (кийин билсек, тирүүсүндө терисин сыйруу оңой экен). Териси 1 мүнөттө сыйрылды. Кезек ичегилерди алып салууга жана жыландын этин майдалап кесүүгө жетти.
Экинчи жылан да ушундай жол менен эле жашоосу менен кош айтышып, эти табакта жатты. Жыттары кетсин жана маринаддалсын үчүн табакка суу, атайын татымал, анан пияз кошуп, 4-5 мүнөт койду. Бул кезде тамакка кошулуучу кызыл болгар калемпири, кинза, шампиньон, сарымсак да даяр болду.
Бышыруу процесси. Казанга суу куюп, жыландын этин салып жумшартып алды. Суу тартылганда казанга май куюп, жыландын этине жашылча, татымалдарды кошуп бышырды. Буга 4-5 мүнөт кетти. Ошентип, алдыбызда чакан идишке салынган жыландын эти турду.
Даам татуу жана маек. Чогуу дасторконго отурдук. “Баарын өз териси менен сезип көрбөгөн журналист ал журналист эмес” деп демди ичке тарттык да, жыланды жегенге бел байладык. Жыландын этинин өзгөчө даамын сезбедик (мүмкүн, соус, татымалдардан билинбеди). Кадимки балыктын этиндей болуп майда сөөктүү, кылкандуу болорун билдик. Кичине жылан болгондуктан, этин ооз толтура деле чайнай албадык.

– Бул тамак эмне деп аталат?
– Жашылчалар менен куурулган жылан.

– Жыландын эти­­не заказдар көп­пү?
– Көп эмес. Заказды 1 апта мурун берүүлөрү керек. Анткени биз жыланды өзүбүз карап-бакпайбыз. Заказ менен алдырабыз.

– 1 жыланга канча төлөйсүздөр?
– Чоң-кичинесине жараша болот. 500 сомдон 800 сомго дейре бааланат.

– 1 порция тамак канча сом?
– Чоң жыландыкы 900-1000 сом, кичинесиники 600-700 сом.

– Жыландын уулуу же уулуу эмес экендигин кантип билесиз?
– Мен Кытайда кафеде 4 жыл иштеп, баарын өздөштүргөм. Бишкекте иштегениме 3 жыл болду.

– Жеп көрүүгө кызыгып заказ беришеби же дарылык касиети үчүн деппи?
– Экөөнө тең.

– Кытайда жылан эти элдик медицинада кайсы оорулар үчүн колдонуларын билсеңиз керек...
– Медик болбосом да, көп оорулар үчүн колдонуларын билем. Бизде эти бел кубатты көтөрөт, кан айланууну жана көрүүнү жакшыртат делет. Муун ооруларын, остеохондрозду, кызыл жүгүрүктү айыктырууда пайдаланылат. Жыланды спиртке ачытып, көп ооруларда, мисалы, артритте муундарга сыйпашат. Жыландын этин кургатып, упадай майдалап да алышат. Бизде жыланды “дарылардын төрөсү” дешет.

– Тамак-ашка колдонулушун айтсаңыз...
– Этин туздайт, бууга, духовкада бышырат, кууруйт. Шарап, имбирь кошуп маринаддаса даамы жакшы болот. Ошондой эле козу карын, пияз кошуп кууруса да даамы өзгөчө.

– Терисин эмне кыласыздар?
– Чоң жыландардын терисин сувенир жасоого алып кетишет. Жыландын терисин кууруп жесе да болот.

– Жыландан канча түрлүү тамак жасалат?
– 15 чакты, мүмкүн, андан ашат.

– Шорпосун да ичишеби?
– Албетте. Эттин ширеси шорпого чыккандыктан, этин жебей эле шорпосун ичип койсо деле жетиштүү.

– Жыланды ар ким соё берсе болобу?
– Жок, билген киши гана союп, тамак бышырбаса, кооптуу. Жылан жейм деп ууланып өлүп калуулары мүмкүн.

– Жыланды сөзсүз өлтүрбөй союш керекпи же?..
– Башын кесип деле союшат.

КЫРГЫЗДЫН ЭЛДИК МЕДИЦИНАСЫНДА

Бизде кандайча колдонулат деген суроого жооп издеп, табып Дүйшөнбек Чомо уулуна кайрылдык.

– Бизде деле жылан илгертен колдонулуп келет. Көбүнчө сөөк, муун, кургак учук, бруцеллёз ооруларында. Өзүм этин, майын колдонуп түрдүү дары жасайм. Мисалы, геморройду айыктыруу үчүн жылан, бака этине койдун майын кошуп, спиртке ачытып алам. Карасан оорусунда (гангрена) чөп дарылардан тышкары оорулууга 7 жыландын этин жегизсең как айыгат. Бруцеллёзду жылан, суур эти менен дарылайм. Талма оорусунда жыландын жумурткасы ишке жарайт.

МЕДИКТЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Бул жаатында врач-ревматолог Канымбүбү Абдраевага кайрылдык.

– Жыландын уусу кошулган дары майлар медицинада ревматоиддүү артрит, полиартрит, кызыл жүгүрүк, остеохондроз жана башка ооруларда колдонулат. Ал эми эти пайдаланылбайт.

ЖЫЛАНДЫН ЭТИ АРАМ, БИРОК УУСУ МЕНЕН МАЙЫНА УРУКСАТ

Ислам жыландын этин жегенге кандай карайт деген суроо менен Бишкек шаардык имамынын орун басары Мухаммад Анаркуловго кайрылдык.

– Шариятта жыландын эти, шорпосу арам болуп эсептелет. Ашказанга арам нерсе кирбеши керек. Ал эми майы сырттан шыбалгандыктан, аны колдонууга болот. Уусуна келсек, уу дары үчүн, зарылчылык үчүн колдонулгандыктан, аны пайдаланууга уруксат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жыланды кантип союп, бышырат? Анын этинин касиеттери кандай?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
aote
2012-08-06 10:39:39
offiget...jilandi da jeybi?ani ustuno koz aldimda olgon nerseni jey alvaym...munu okup alip apetitim oldu((((
0
Giza
2012-08-06 13:42:55
fuuuuu
0
dia-omur
2012-11-12 22:23:49
Giza, мен жыланды коргондо титирейм даже олук жыландада корком. бир жерден жылан корсом еин4и ал жака баспайм.бир акем алып келип сойуп шорпо кылып и4кен ошондо билгем жыландыда жерин...
0
raida
2012-08-06 15:38:01
Jylan emes men bir jyldary ajbai oorup sööljylan,topurakta bolot go jaan jaganda chygat go ,oshonu et menen kosho kainatyp jegem argasyzdan birok oshondon keien oorup jakshy bolup kalgan azyr al oorum jylan jesh kerek bolup kaldy okshoit,fuu debegile oorusanar korom silerdi,jogorudagy aitylgan oorular medizinany jardamy menen aiykpait,bir gana oorunu basandatyp gana koigon ximikalyk zyjanduu gana daarylardy beret medikter,al daarlar oorunu basandatyp gana koiot bashka organdaryndy nacharlatat .
0
kitayanka
2012-08-06 21:50:01
mmm islam dini boiuncha jese bolboit turbaibu bilbeptirmin! men kop ichemin jilandun shorposun sebebi mende zob bar! no na vkus baluk jegendei ele bolosun FUU emes!
0
kalman
2012-08-07 01:40:45
неитзи жыланды коп эле нерселерге колдонушат. мисалы: медицинада, озунор коруп тургандай тамакта, вино, коньяк, арак-шараптарга и т.д. бирок кытайлар эмне кыймылдаса ошонун баарын жешет, даже тируулой
0
erlan110587
2012-08-08 01:13:29
мен жыланды айгырга эле берем, семирип жыландын терисиндей болуп жылтырасын деп.
0
shankool
2012-09-13 02:56:26
бирок жылан коп жесен да анын убалы бар экен мен да кичинемден жылан жеп журуп акыры жылан менин бойрокгумдон тиштеди ооруканда копко жатып озумо келгем азыр жебейм
0
Meris
2012-09-21 15:02:58
табып Дуйшенбек агайдын адресин кандай алсак болот - жардам бересниздер.
0
№ 509, 3-9-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан