Юрмалада өткөн эл аралык «Жаңы толкун-2012» сынагы жыйынтыкталды. Жеңүүчү болуп Орусиянын өкүлү, Нилу аттуу өзбек кызы табылды. Бирок көпчүлүк калыстардын мындай чечимине макул эмес. Маалымат айдыңында жеңиштин жең ичинен сатылып кеткени айтылууда. 2-орундагы италиялык Констанцо Дель Пинто, 3-орундагы украиналык Мария Яремчук тиешелүү акчалай сыйлыктарын алышты. Ал эми Кыргызстандан барган жаш ырчы Бек Исраилов 16 катышуучунун ичинен 8-орунду камсыз кылды.