Мадоннанын Париждеги концертине келген эл ага нааразы. Күйөрмандар ырчынын бир саатка жетпеген концертине нааразы болуп, сахна тарапка желим бөтөлкөлөрдү ыргытып, билетке короткон акчаны кайрып берүүнү талап кылышкан. Мадонна аларга жооп кылып, «алар менин күйөрмандарым эмес, алар баш кесерлер» деп айткан. Анын Лондондогу күйөрмандары да бир саатка жетпеген концерттин убактысын узартууну суранышкан. Жалаң чыр менен коштолгон ырчынын концертине айрымдар «Мадоннанын турнеси ишке ашпай калды» деп баа беришүүдө.