Учурда ааламдын көңүл борборунда Лондондогу Олимпиада оюндары турганы анык. Дал ошол Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде ханыша Елизаветта менен легендарлуу Жеймс Бонд тамашалуу чакан сцена аткарып, элди таң калтырышкан. Эми Олимпиада оюндарын жабуу кечесине англиялык атактуу моделдер катышары белгилүү болду. Алар: Кейт Мосс, Наоми Кэмпбелл, Жоржия Мэй Жаггер, Лили Коул, Рози Хантингтон-Уайтли, Стелла Теннант. Булар дүйнөнү кандай өнөрү менен таң калтырышат экен, күтө туралы.